Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Обозов А.Дж.


Обозов Алайбек Джумабекович
Т.и.д., профессор

Билими: Фрунзедеги политехникалык институт (1971 – 1976 жж.). Улуттук илимдер академиясынын аспиранты, техника илимдеринин кандидаты (1981 ж.), техника илимдеринин доктору (2003 ж.), профессор. Эл аралык Эко-Энергетикалык Академиянын мүчөсү, Баку, (1985 ж.). Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги (2005 ж.).

Иш тажрыйбасы: Өзүнүн алгачкы илимий кызматынын иш жолунда аскердик-өнөр жай комплекси үчүн динамикалык машинелердин чабуу механизмдерин иштеп чыгуу жана түзүү менен алектенген. Негизги кесиби “Машинелердин динамикасы жана бекемдиги”, валификациясы инженер – изилдөөчү. Ошондой эле машиналарды синтездөө теорияларынын аймагында ийкемдүү жумушчу органдын ар кандай механизмдерин изилдөө жүргүзгөн.

1983-ж. бери салттуу эмес энергетикалык изилдөө тармагында иш алып барат (учурдагы адиси). Өзүнүн илимий иштөөнүн алкагында 270 тен ашуун илимий жумуштары жарыяланган. Анын ичинде 5 монографиясы, 1 китеп жана 3 окуу китеби жарык көргөн. 19 патенттин жана автордук күбөлүгүнүн ээси. 2 доктор жана 8 техникалык илимдин  кандидаттарын дардап чыгарган. 

Азыркы учурда иши, жаңы техникалык каражаттарын иштеп чыгуу жана энергиянын кайра калыбына келүүчү технологияларын пайдалануу менен байланышкан.

https://orcid.org/0000-0002-9628-6554

Эл аралык долбоорлордогу иш тажрыйбасы:1. Энергетика боюнча эл аралык  Борбор Азия өлкөлөрүнүн макулдашуу-консультациялоо долбоорунда эксперттик топто "Долбоорлорду анализдөө жана борбор Азия регионунда гелиотехнологиянын рыноктук потенциалы", 1997 ж.

2. Дүйнөлүк Банктын долбоорунда "Казакстан жана Кыргызстан: Салттуу эмес энергетиканын өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү",  1997 ж.

3. Еврокомисиянын ЕБ ичиндеги долбоору - INCO

  "Казакстан менен Кыргызстанда ЭКБ иштөөсүн бекемдөө жана кеңейтүү”, 1999 ж.

4. Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоору "Казакстан менен Кыргызстандын корук аймактарында ЭКБ колдонуу менен энергияны үнөмдөө" 2003 ж.

5. Азия Өнүктүрүү Банкы долбоору PREGA"Энергияны үнөмдөө, энергиянын калыптанма булактары жана айлана-чөйрөнү коргоо", 2005-ж.

6. Кыргыз-Герман долбоору "Мультиплекс системасы менен күндөн ысык суу алуу," "Фольцваген" фонду 2008-2009.

7. Кыргыз - Жапон техникалык жардам долбоору

"Биогаз технологияларын кыргыз республикасында жайылтууга көмөктөшүү”, "Жайка" агенттиги "2009-2010  жж.

Конференцияларга катышуусу: Кошмо Штаттарда, Германияда, Кытайда, Иранда, Белгияда, Канадада, Румынияда, Израилде, Түркияда, Сирияда, өткөрүлгөн эл аралык жана республикалык конференция иштерине катышкан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө дагы.

Сыйлыктары:

  • КРнын ББжИМнин Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган, 2009 ж.
  • 3."КРнын Энергетика жана өнөр жай отличниги", "Каарман" медалы 2010-ж.
  • 4.КМТУ 60-ж. медалы "КМТУ-60", 2014-ж.
  • 5.ЭФ 60-ж. медалы "ЭФ-60", 2017-ж.
 

Телефон: 54 84 33

e-mail: obozov-a@mail.ru