Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Илимий изилдөө иштери


Минбардын илимий мүдөөлөрү гидротехникалык, шамал, күн энергиясынан жана энергиянын калыптанма булактарын башка түрлөрүн пайдалануу областында жатат.

Минбардын окумуштуулары магистрант жана аспиранттар менен бирдикте жигердүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Минбар жогорку квалификациялуу окутуучу жана илимий кадрларды - техника илимдеринин кандидаттарын даярдайт.

Илимдин кандидаттарын даярдоо төмөнкү адистик менен жүзөгө ашырылат:

05.14.08 - кайра жаралуучу энергиянын негизиндеги орнотмолор.

Акыркы жылдары кандидаттык диссертацияларын жактагандар: Тагайматова А.А., Исаев Р.Э., Жабудаев Т.Ж., Акпаралиев Р.А., Медеров Т.Т. ФРГ да окуусун улантуу менен Ботпаев Р.М. докторлук ишин жактаган.

Азыркы маалда минбарда т.и.д., проф. Обозов А.Дж. жана т.и.к., проф. Сатаркулов К.А. жетектөөсүндө 8 аспирант окуп жатат.

Минбарда 3 эл аралык долбоорлор ишке ашырылган:

  • Кыргыз-немис-казак долбоору "Борбор азиялык ЖОЖдордогу энергетикалык натыйжалуулук", 2014-2016 -жж.;
  • Кыргыз-Орус долбоору. РФын илимдер академиясынын Орусиялык жогорку температуралар институту. "Кыргызстандын климаттык шартында жана Орусиянын түштүгүндө электр жана жылуулук керектөөчүлөргө күндүн энергиясын колдонууда натыйжалуулугун изилдөө" 2014-2016 -жж.;
  • Автономдуу керектөөчүлөргө микроГЭСинин иштеп чыгуу 2013-2015-жж.

Колдонмо илимдер университети, Германия - Westschsische жогорку мектеби жана И. Раззаков атындагы КМТУ ортосунда «Гидроэлектроэнергетика» адистиги боюнча студенттерди даярдоо, ошондой эле студенттер менен алмашуу, окутуучу-профессордук курамдын квалификациясын жогорулатуу, жарыялар жана илимий маалыматтар менен алмашуу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Минбардын эл аралык байланыштары:

  • Кассел техникалык университети (Германия);
  • Бойт атындагы Берлин техникалык университети (Германия);
  • Цвикау Батыш-Саксон колдонмо илимдер университети (Германия);
  • Гансу жаратылыш энергиясы боюнча ИИИ (КЭР);
  • Москва энергетикалык институту (Орусия);
  • Томск политехникалык университети (Орусия);
  • Алмата энергетика жана байланыш университетит (Казахстан);
  • Ташкент мамлекеттик техникалык университети (Өзбекстан);
  • Таджикистан энергетика институту;
  • "Женерал электрик" компаниясы (США);
  • USAID "Келечек энергиясы" Регионалдык программасы (США);
  • Индия, Болгария, Казакстан, Өзбекстан ж.б. илимий изилдөө борборлору.

Энергиянын альтернативдүү булактары лабораториясында DAAD программасынын өкүлдөрү менен жайкы мектеп окуучулары сабак өтүшөт. Окуу жылынын жүрүшүндө энергиянын альтернативдүү булактары лабораториясын Тажикстан, Орусия, Германия, Өзбекстан, Казакстан, Белорусия сыяктуу чет мамлекеттеринин делегаттары келип кетишти.