Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Абитуриентке


«Энергиянын калыптанма булактары» (ЭКБ) кафедрасынан бүтүп чыккан адистер - эмгек талаасында эң керектүү жана келечектүүлөдүн бири болуп эсептелет. Азыркы учурда "ЭКБ" кафедрасы 640200 «Электроэнергетика жана электротехника» багыты боюнча бакалавр жана магистрлерди даярдоону үч профиль боюнча камсыз кылат:

  • Гидроэлектроэнергетика;
  • Электрэнергетикадагы башкаруу;
  • Энергиянын альтернативдүү булактары.

ГИДРОЭЛЕКТРОЭНЕРГЕТИКА

Бул тармакта иштөө үчүн кафедра жогорку квалификациялуу гидроэнегетиктердии даярдоо үчүн жумуш аткарат. «Гидроэлектроэнергетика» профилинин бүтүрүүчүлөрү: энергетикалык профилдеги долбоорлоо уюмдарында жана илимий-изилдөө институттарында, энергетикалык жана гидротехникалык профилдеги курулуш, монтаждоо жана ишке киргизүү уюмдарында, ГЭСти автоматташтыруу жана электр тармактарын иштетүүнү кошуп, ошондой эле энергетика жана курулуш боюнча жогорку окуу жайларынын миӊбарында жана лабораторияларда иштей алышат.

ЭНЕРГИЯНЫН АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ БУЛАКТАРЫ

Суу, шамал, күн, биомасса, геотермалдуу булактар - бул азыркы учурдагы энергетиканын абдан чоң потенциалы. Энергиянын калыптанма булактары көмүр, нефти, газга салыштырмалуу түгөнүп калбайт жана айлана чөйрөнү бугап жана уулантпайт, ошондуктан алар 21-кылымдагы энергетиканын келечеги. «Энергиянын альтернативдүү булактары» профилинин бүтүрүүчүлөрү окуунун аягында күн орнотмолорун,  шамал энергетикалык орнотмолорун, биогаз орнотмолорун ж.б. эсептеп, дизайнын иштеп чыгууда билимге ээ болот.  

ЭЛЕКТРОЭНЕРГЕТИКАДАГЫ БАШКАРУУ

Тез өнүгүү, электрэнергетика өндүрүшүнүн өркүндөшүү жана модернизацияланышы жаңы форматтагы адистердин келип чыгышына алып келди - энергоменеджерлер - энергетикалык сектордо электр энергиясын, технологияларды уюштуруу жана башкаруу тармагында белгилүү бир инженердик билимге ээ энергетиканы оптималдуу башкаруу боюнча адис. «Электроэнергетикадагы башкаруу» профилинин бүтүрүүчүлөрүнүн иш багыттары электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейинки энергоөндүрүштүн бардык түрү, региондук энергияны үнөмдөө борборлору, энергетикалык аудит жүргүзүүчү жана энергия үнөмдөөчү жабдууларды иштеп чыгуучу илимий-өндүрүштүк фирмалар, энергкөзөмөл жана энергия сатуу органдары. Алар электрстанцияларда, тармак жана электр системаларын башкаруу боюнча, ошондой эле башкаруунун заманбап ыкмаларын билген, баалуу кагаздардын кыймылынын системасын, тарифти түзүү, жөнгө салуу, энергетикалык натыйжалуулукту, долбоорду башкарууда ар кандай акционердик энергетикалык структураларда, ошондой эле энергетикалык системада коммерциялык диспетчер катары  иш жүргүзө алышат.

Чет өлкөдө билим алуу:

Колдонмо илимдер университети, Германия - Westschsische жогорку мектеби жана И.Раззаков атындагы КМТУ ортосунда «Гидроэлектроэнергетика» адистиги боюнча студенттерди даярдоо, ошондой эле студенттер менен алмашуу, окутуучу-профессордук курамдын квалификациясын жогорулатуу, жарыялар жана илимий маалыматтар менен алмашуу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

2017-жылдан тартып «Энергиянын калыптанма булактары» минбары Батыш-Саксон Институту (Цвикау ш.) менен кызматташтыкта «Гидроэлектроэнергетика» тармагы боюнча бакалавр жана магистрлерди биргелешип даярдайт. Биргелешкен окуу программасы И. Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз-Герман Техникалык Институтунда окутууну камтыйт. Биринчи эки же үч курс студенттер Батыш-Саксон окуу жайынын билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берген биргелешкен билим берүү программасы боюнча немис тилин тереӊ үйрөнү менен окушат. Программаны ийгиликтүү өздөштүрүп алган студенттер, Германияда окуусун улантат. Натыйжада, бакалавр даражасын (Магистр даражасы) бүтүргөн студенттер эки дипломун алышат – И.Раззаков атындагы КМТУун жана Батыш-Саксон университетинин (Германия). Бул программанын алкагында Германиянын өндүрүштөрүндө практика өтүү каралган.

ЭКБ минбарында окуунун өзгөчөлүктөрү:

  1. Заманбап программаларды колдонуу (SCAD, Project Expert, AutoCAD, Inventor ж.б.) көбүнесе долбоорлоо, илимий, өнөр жай тармактарында кеӊири колдонулган;
  2. «Энергиянын альтернативдүү булактары» жана «Гидроэнергетикалык орнотмолор» лабораториялык борборунда заманбап лабораториялык жабдуулар менен окуу жана изилдөө жүргүзүү;
  3. Практиканы өлкөнүн алдыңкы курулуш, энергетика жана эсептөөчү компанияларында өтүү.

Кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер:

  • Орто билим тууралуу аттестат;
  • Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн (ЖРТ) сертификаты;
  • Паспорт жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн (аскердик кызмат үчүн) көчүрмөсү;
  • Сүрөт (3 × 4) 6 даана. 

Абитуриенттер үчүн маалымат

1. ЖРТүн балы боюнча бюджеттик жана контракттык окутууга кабыл алуу жүргүзүлөт;
2. Ар кандай суроолор боюнча «Энергиянын калыптанма булактары»  кафедрасына кайрылгыла;
3. Кафедра боюнча кошумча маалымат И. Раззаков атындагы КМТУнун сайтында (www.kstu.kg);
БИЗДИН ДАРЕК: 720044, Бишкек, Айтматов пр. 66, И.Раззакова атындагы КМТУ, 3 корпус, 203а каб.
Тел: +996 (312) 54-84-33

Сфералык концентратору менен тиричилик күн меши