Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


«Энергиянын калыптанма булактары» минбары 2001 - ж. түзүлгөн.

2001 – 2003 - жж. ЭКБ минбарынын биринчи башчысы т.и.к., профессор Рахимов Калый Рахимович болгон.

техника илимдеринин кандидаты, профессор Рахимов Калый Рахимович

Рахимов Калый Рахимович, 1938 - ж. туулган.  1961 - ж. ФПИнин «Электр станциялары» кесибин бүтүргөн. ФПИ-КГТУда 1963 - ж. бери эмгектенет. 2001 – 2003 - жж. – «ЭКБ» минбарынын башчысы болуп иштеген. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги (1980 г.), «Эмгек каарманы»  (1970 ж.) жана «Даңк» (1999 ж.) медальдары менен сыйланган, КР Инженердик Академиясынын академиги, 130 тан ашуун илимий жумуштардын ээси, анын ичинен 18 монографиясы, 3 автордук күбөлүгү бар.

 2003 - ж. декабрынан  2014 - ж. чейин ЭКБ минбарынын башчысы болуп т.и.д., профессор Обозов Алайбек Джумабекович иштеген.

техника илимдеринин доктору, профессор Обозов Алайбек Джумабекович

Обозов Алайбек Джумабекович техника илимдеринин доктору (2003), профессор, Эл аралык Эко энергетикалык Академиясынын мүчөсү, Баку (1985), КР Инженердик Академиясынын академиги (2005). Өзүнүн илимий иштөөнүн алкагында 270 тен ашуун илимий жумуштары жарыяланган. Анын ичинде 5 монографиясы, 1 китеп и 3 окуу китеби жарык көргөн. 19 патенттин жана автордук күбөлүгүнүн ээси. 2 доктор жана 8 техникалык илимдин  кандидаттарын дардап чыгарган.  Сыйлыктары: КР  ББжИМ Ардак грамотасы; КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, КР «Билим берүү отличниги», «Каарман» медалы - КР Энергетика и өнөр жай отличниги.

2014 - жылдын июль айынан баштап т.и.к., доцент Жабудаев Турукмен Жусупбекович жетектеп келет.

техника илимдеринин кандидаты, доцент Жабудаев Турукмен Жусупбекович

Жабудаев Турукмен Жусупбекович Кыргыз техникалык университетин 1995 - ж. «Гидроэлектростанция» кесибин бүтүрүп,  «Инженер-электрик» квалификациясына ээ болгон.  1995  - ж. баштап  КТУда «Электроэнергетика» минбарынын окутуучусу,  1999 - ж. – «Электроэнергетика» минбарынын ага окутуучусу,  2001 - ж. баштап «Энергиянын калыптанма булактары» минбарынын ага окутуучусу,  2010 - ж. баштап доцент кызматында иштеп келе жатат. 32 ден ашуун илимий жана методикалык жумуштары жарыяланган. Анын ичинде 1 окуу китеби КР ББжИМ грифи менен жарык көргөн жана 2 курстук лекциялары чыккан. 1автордук күбөлүгүнүн ээси. Сыйлыктары: КР «Билим берүү отличниги», «Каарман» медалы - КР Энергетика и өнөр жай отличниги.

техника илимдеринин кандидаты, доцент Рудаков Иван Константинович

КР тажрыйбалуу окутуучуларынын бири жана гидроэнергетиги техника илимдеринин кандидаты, доцент Рудаков Иван Константинович минбардын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Ал 1949 - ж. Токмоктогу механизациялоо жана электрификациялоо техникумун бүтүргөн.  1954 - ж. Ташкенттеги сугат жана суу түйүндөр инженердик бөлүгүнүн гидроэнергетикалык факультетин бүтүргөн. Өзүнүн илимий иштөөнүн алкагында 30 дан ашуун илимий жумуштары жарыяланган. 2 автордук күбөлүгүнүн ээси.  КГТУда 1997-2003 - жж. эмгектенген. Гидротехникалык курамалар боюнча адис, бир нече лабораториялык орнотмолордун жана стендердин долбоорлорунун автору, алар К.И. Скрябин атындагы  Кыргыз улуттук агрардык университетинде жана  Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университеттеринде орнотулган. Рудаков И.К. долбоору менен И. Раззаков атындагы КМТУнун ЭКБ минбарында ГЭСтин гидротехникалык курамалары боюнча лабораториялык комплекс жасалган.

Минбардын курамы 2010 - ж.

Минбардын курамы 2017 - ж.

 

Минбарда 1000 ашуун инженерлер жана магистрлер, беш техника илимдеринин кандидаты даярдалды.

Бакалаврларды даярдоо 640200 Электроэнергетика жана электротехника багыты боюнча үч профилде жүзөгө ашырылат:

  • Гидроэлектроэнергетика;
  • Электроэнергетикадагы башкаруу;
  • Энергиянын альтернативдүү булактары.

Магистрлерди даярдоо 640200 Электроэнергетика жана электротехника багыты боюнча эки окуу программасы менен жүзөгө ашырылат:

  • Гидроэлектроэнергетика;
  • Энергиянын альтернативдүү булактары.

«Гидроэлектроэнергетика» адистиги боюнча минбар 1990-жылдан баштап даярдоо жүргүзөт. «Электроэнергетикадагы башкаруу» адистиги боюнча 1999-жылдан тартып даярдап баштады, ал эми «Энергиянын альтернативдүү булактары» адистиги боюнча 2007-жылдан бери.

2013-жылдан баштап 640200 Электроэнергетика жана электротехника багыты боюнча «Энергиянын альтернативдүү булактары» профили, 2015-жылдан баштап «Гидроэлектроэнергетика» профили боюнча Кыргыз-Герман техникалык институтунда даярдоо жүргүзүлүп жатат, ошондой эле 2014-жылдан бери «Гидроэлектроэнергетика» профили боюнча КМТУнун алдындагы биргелешкен билим берүү программалар институтунда дагы даярдалып жатат.

Минбардын бүтүрүүчүлөрү гидроэлектростанияларда жана жылуулук станцияларында, электр тармактар ​​ишканаларында, өнөр жай ишканаларын, шаарлар менен айыл-чарбаларды электр менен камсыз кылуу системасында, ЖОЖда, долбоорлоо жана изилдөө институттарында, жоопкерчиликтүү мамлекеттик орундарда ийгиликтүү эмгектенип жатышат.