Энергиянын калыптанма булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору
Бул «Энергиянын калыптанма булактары» кафедрасынын базасында түзүлгөн, окуу-илимий жана тренинг багытындагы биргелешкен борбор. Борбордун биргелешип негиздөөчүлөрү — И. Раззаков атындагы КМТУ жана Булан институту.
Борбор энергиянын калыптанма булактары, энергияны үнөмдөө (энергоэффективдүүлүк) жана туруктуу өнүгүү багытында кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана практикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн.
Борбордун максаттары:
- энергиянын калыптанма булактары тармагында окууларды уюштуруу, энергетика тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
Кыргыз Республикасында туруктуу энергетикалык коопсуздукту камсыз кулуу саясатын колдоо жана жашыл энергетика багытындагы долбоорлордун санын көбөйтүүгө көмөктөшүү.
Борбордун милдеттери:
Коюлган максаттарга жетүү үчүн Борбор төмөнкү милдеттерди аткарат:
- тренингдерди, билим берүү курстарын жана сертификациялык программаларды уюштуруу жана өткөрүү;
- окуу, окуу-методикалык жана илимий-методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле бул багытта ар кандай пилоттук жана негизги долбоорлорду ишке ашыруу;
- студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды, окутуучуларды жана практик адистерди Борбордун билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө тартуу;
- билим берүүчү, илимий жана башка профилдик эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө;
- энергиянын калыптанма булактарын өнүктүрүүгө багытталган гранттык, донордук жана башка каржылоо программаларына катышуу.

