Микро- жана Макроэкономика боюнча ЖОЖдор аралык студенттик олимпиада

Межвузовская студенческая олимпиада по Микро- и Макроэкономике.

     12025-жылдын 14-мартында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Микро- жана Макроэкономика боюнча ЖОЖдор аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Интеллектуалдык мелдешке Бишкектин жети алдыңкы ЖОЖунан 36 студент катышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу КМТУнун Экономика жана бизнес жогорку мектебинин «Экономика жана ишкананы башкаруу» кафедрасы болду.

Катышуучуларга куттуктоо сөзү менен КМТУнун илимий иштер боюнча проректору Арзыбаев Алмаз Момунович жана КМТУнун ЭЖБМнын директору Сыдыкова Чолпон Качкынбековна кайрылып, мындай иш-чаралардын студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн белгилешти.

Олимпиаданын модератору «ЭИБ» кафедрасынын башчысы, профессор Сулайманова Б.Ж. болду.

Мелдеш жеке тестирлөө жана негизги экономикалык дисциплиналар боюнча маселелерди чечүүнү камтыды. Олимпиада студенттерге өз билимдерин, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү болушту:

  • 1-орун – Сапарбекова Элиза (Ж.Баласагын атындагы КУУ) жана Анисимова Аделя (КМТУнун ЭЖБМсы)

  • 2-орун – Курманкулова Медина (М.Рыскулбеков атындагы КЭУ) жана Поталашко Анна (КМТУнун ЭЖБМсы)

  • 3-орун – Якубова Бегимай (МУИТ) жана Кубан кызы Айдана (К.Карасаев атындагы БМУ)

Жеңүүчүлөр Xiaomi.kg тарабынан дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты, ал эми бардык катышуучуларга активдүү катышканы үчүн сертификаттар тапшырылды.

Экономика боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндөгү маанилүү окуяга айланып, таланттуу студенттерди бириктирип, ЖОЖдор ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдады.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар