НПК темасы: «Санариптештирүү шартында экономикалык коопсуздуктун негизи катары мамлекеттик каржылык көзөмөл жана тобокелдиктерди башкаруу»
НПК темасы: «Санариптештирүү шартында экономикалык коопсуздуктун негизи катары мамлекеттик каржылык көзөмөл жана тобокелдиктерди башкаруу»
ЖОЖ ичиндеги студенттик илимий-практикалык конференция: «Санариптештирүү шартында экономикалык коопсуздуктун негизи катары мамлекеттик каржылык көзөмөл жана тобокелдиктерди башкаруу»
еров. 2025-жылдын 12-ноябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ЖОЖ ичиндеги студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын темасы: «Санариптештирүү шартында экономикалык коопсуздуктун негизи катары мамлекеттик каржылык көзөмөл жана тобокелдиктерди башкаруу».
Иш-чаранын уюштуруучулары: И.Раззаков атындагы КМТУнун Экономика жана бизнес жогорку мектебинин «Экономика жана ишкананы башкаруу» кафедрасы жана КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Каржыкөзөмөл).
Студенттик конференцияны өткөрүүнүн максаты жана милдеттери – студенттердин экономика жана финансы жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле актуалдуу экономикалык жана финансылык маселелерди чечүү жөндөмдүүлүктөрүн аныктоого жана колдоого көмөк көрсөтүү болду. Конференция илимий идеялар менен алмашуунун жана студенттердин өз билимдери менен практикалык көндүмдөрүн көрсөтүүнүн натыйжалуу аянтчасына айланды.
Иш-чараны ЭЖБМнын директору Сыдыкова Ч.К. жана Каржыкөзөмөлдүн стратегиялык пландаштыруу жана тышкы ишмердүүлүктү координациялоо бөлүмүнүн башчысы Арыков Р.А. ачышты. Иш-чаранын модератору «ЭИБ» кафедрасынын башчысы, проф. Сулайманова Б.Ж. болду.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча, курамына Каржыкөзөмөл кызматынын кызматкерлери кирген казылар алкагы төмөнкү студенттерди баалаган:
1-даражадагы диплом: Акматов Айтегин (ЭИБ-1-22) жана Усенкожоева Аяна (ФК-2-23)
2-даражадагы диплом: Бекболотова Алия (ФК-2-23) жана Валиева Жаркынай (ФК-2-23)
3-даражадагы диплом: Расуловна Джаннэт (ЭИБ-1-22) жана Шамаматов Бейбарс (МТЭ-1-24)
Атырова Мираиданын (ЭИБ-1-22) мамлекеттик тилдеги доклады өзгөчө диплом менен белгиленди.
Диплом менен сыйланган студенттердин бардык илимий жетекчилерине Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан илимий потенциалды өнүктүрүүгө жана жаш кадрларды даярдоого кошкон салымы үчүн «Ыраазычылык каттар» тапшырылды. Анын ичинде: э.и.д., проф. Шербекова А.А., философия доктору (PhD), доц. Тохтыева З.Х., философия доктору (PhD), доц. Абдужалиева Э.Ж., э.и.к., доц. Чонкоева А.А., э.и.к., доц. Рыспаева А.С. жана ага окут. Исабаева К.Б.
Конференциянын өткөрүлүшү Экономика жана бизнес жогорку мектебинин студенттеринин илимий коомчулугунун биригишине, КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана илимий жыйынтыктар менен алмашууга өбөлгө түздү.

