В.М. Касымованын 80 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-техникалык конференция:

В.М. Касымованын 80 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-техникалык конференция

«Энергетикалык кризис жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун заманбап чакырыктары шартында жашыл экономиканы жана энергетиканы туруктуу өнүктүрүү көйгөйлөрү»

    2024-жылдын 15-майында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде экономика илимдеринин доктору, профессор, КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери, КР Инженердик академиясынын анык мүчөсү, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана энергетика отличниги Валентина Махмутовна Касымованын 80 жылдыгына арналган «Энергетикалык кризис жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун заманбап чакырыктары шартында жашыл экономиканы жана энергетиканы туруктуу өнүктүрүү көйгөйлөрү» аттуу Эл аралык илимий-техникалык конференция өткөрүлдү.

Конференция пленардык отурумду жана секцияларда иштөөнү камтыды:

  • 1-секция: «Жашыл экономиканы жана энергетиканы туруктуу өнүктүрүү, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергетикалык кризистен чыгуу жолдору»

  • 2-секция: «Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо шартында КР энергосистемасынын энергетикалык коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо»

Конференцияны КМТУнун илимий иштер боюнча проректору, т.и.к., доц. Арзыбаев А.М. ачып, куттуктоо сөзү менен чыкты.

Пленардык отурумга куттуктоо сөзү жана куттуктоо кайрылуусу менен төмөнкүлөр катышты:

  • КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Энергетика министрлигинин өкүлдөрү

  • КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Жашыл энергетика фондунун директору (Орозбаев Э.Б.)

  • КР ЖКнын КЭК, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары (Маратбеков Б.М.)

  • КРдин илимий элитасынын өкүлдөрү: Кожогулов К.Ч. – т.и.д., профессор, КР УИАнын академиги, КР Инженердик академиясынын президенти, ЭИАнын вице-президенти; Алымкулов К.А. – т.и.д., профессор, КР Инженердик академиясынын жана ЭИАнын анык мүчөсү, КРдин өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер; Бегалиев У.Т. – т.и.д., профессор, МУИТтин ректору; Ж.Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген экономисти, проф., э.и.д. Саякбаева А.А.; М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИИнин ректорунун кеңешчиси, э.и.д., профессор Камчыбеков Т.К.; «Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясынын» президенти Абдыкеримова А.; ардактуу энергетик, КР Демократиялык аялдар партиясынын өкүлү Мусаева А.М.

Проф. Касымова В.М.нын 80 жылдыгы урматына анын көрүнүктүү лидер, ири окумуштуу жана уюштуруучу катары КРдин алдыңкы университеттеринен (М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИИ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУ, МУИТ), КР энергетика жаатындагы ири уюмдарынан («Электр станциялары» ААК, «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААК, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК, «Кыргызкомур» МИ, «Чакан ГЭС» ААК, КР МКнын алдындагы Климаттык каржылоо борбору, КР энергетик аялдар ассоциациясы), И.Раззаков атындагы КМТУнун Экономика жана бизнес жогорку мектеби жана Энергетика институтунун жамааттарынан, профессор Касымова В.М.нын шакирттеринен (Гузов И.П., э.и.к. Архангельская А.В., э.и.к. Курманова А.М., э.и.к. Омурзакова Ж.К., Абсаматова Э.К., Ишеналиев А.А., Бакытова А.И., Абдыкеримова А.Р., Дандыбаев Е.Е., Асанбаев Б., Шайлобекова Г. ж.б.) куттуктоо сөздөрү менен чыгышты. Чакырылган коноктор жана конференция катышуучулары Касымова В.М.га ата мекендик илимди жана КР энергосистемасын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы, энергетик-адистерди даярдоодогу көп жылдык талыкпаган эмгеги үчүн чоң ыраазычылыктарын билдиришип, чың ден соолук, түгөнгүс энергия, кажыбас кайрат, бакыт жана ийгилик каалашты.

Пленардык отурумдун жүрүшүндө видео көрсөтүү учурунда конокторго жана катышуучуларга Касымова В.М.нын бай кесиптик жана илимий өмүр баяны менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди; ошондой эле Касымова В.М.нын «КРда экономика жана энергетика илимий мектебин түзүүнүн негизги ишмердүүлүгү» аттуу баяндамасы угулду.

Пленардык отурумдан кийин конференция катышуучулары секцияларда ишин баштап, анын жыйынтыгы боюнча эң актуалдуу жана чоң кызыгуу жараткан, кийинчерээк И.Раззаков атындагы КМТУнун «Жарчысында» жарыялоого сунушталган баяндамалар аныкталды. Конференция катышуучулары I, II, III даражадагы дипломдор жана катышуу сертификаттары менен сыйланышты.

 

 

 

 

 

 

 


тепени и сертификатами участия.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар