66-чы ЭИСТК. №9-секция: «Инновациялык интеграция шартында экономиканы өнүктүрүүнүн заманбап векторлору»
66-чы ЭИСТК. №9-секция: «Инновациялык интеграция шартында экономиканы өнүктүрүүнүн заманбап векторлору»
2024-жылдын 28-мартында 66-чы Эл аралык тармактык жаш окумуштуулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттердин илимий-техникалык конференциясынын №9 - «Инновациялык интеграция шартында экономиканы өнүктүрүүнүн заманбап векторлору» секциясында 2 магистрант жана 26 студент илимий докладдар менен чыгышты. Д.Ф. Устинов атындагы "ВОЕНМЕХ" Балтика мамлекеттик техникалык университетинен 2 доклад билдирилген, бирок, тилекке каршы, белгисиз себептерден улам докладчылар конференцияга туташа алышкан жок.
Докладдар абдан жогорку деңгээлде сунушталып, презентациялар менен коштолду, казылар алкагынын мүчөлөрү тарабынан да, катышуучулар тарабынан да суроолор берилип, эң актуалдуу темалар боюнча кызуу талкуулар жүрдү. 2 катышуучу мамлекеттик тилде чыгышса, 2 докладчы Zoom платформасында онлайн форматта чыгышты.
Секция комиссиясынын чечими менен жакшы даярдалган, теориялык жана практикалык мааниге ээ болгон жана белгиленген талаптарга жооп берген магистранттардын илимий иштери И.Раззаков атындагы КМТУнун жаш окумуштууларынын илимий эмгектер жыйнагына жарыялоого сунушталды. Илимий жетекчилердин жетекчилиги астында даярдалган бакалавриат студенттеринин кээ бир илимий докладдары илимий-практикалык мааниге жана актуалдуулукка ээ болгон иштеп чыгуулар, анын ичинде программалык камсыздоо түрүндө сунушталды.
Казылар алкагынын төрагасы: ф.-м.и.к., доц. Жапаров М.Т.
Илимий катчы: т.и.к., доц. Осмонова Р.Ч.
Казылар алкагынын мүчөлөрү: э.и.к., доц. Чонкоева А.А.; э.и.к., доц. Абдыкадырова В.У.; э.и.к., доц. Болотова М.А.
Секцияга бардыгы 36 доклад берилип, 28 доклад угулду, анын ичинде студенттердики – 26, магистранттардыкы – 2

