Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

"Инженердик педагогика" кафедрасынын курамы


Бакиров Бакдоолот Жокинович
Улук окутуучу, «Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы», КРнын «Ордо» оюну боюнча спорттун чебери

  1. Илимий иштери. «Кесиптик билим берүү багытында окуган студенттердин чыгармачыл-педагогикалык жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу» деген темасынын үстүндө иштеп жатат. 14 макаласы жарыяланып, 4 усулдук көрсөтмөсү, 2 окуу китеби басылып чыккан.
  2. Билими: жогорку билимдүү, 1995-жылы И. Раззаков атындагы КТУнун машине куруу факультетинин “Эмгек” адистиги боюнча “Эмгекке үйрөтүүчү мугалим” квалификациясы ыйгарылган. 2003-жылы аспирантураны сырттан окуп бүтүргөн.
  3. Иш тажрыйбасы: 1995-жылдан КТУдан эмгек жолун баштап, “Инженердик педагогика” кафедрасында 1999-жылдан бери эмгектенүүдө. 2004-2014-жылга чейин тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары болуп иштеген.

 

Илимий метрикалык негиздердеги профилдер:

  1. ScopusID: Бакиров Бакдоолот

  2. Google Scholar:  Бакдоолот Бакиров

  3. ResearcherID (WoS): U-9378-2017

  4. ORCID: 0000-0003-4934-9396

  5. РИНЦ: 


Телефон: 0777 040575

Кабинет: 3 корпус 3/214

e-mail: keldike@kstu.kg