Дербишева Эльмира Дупеновна
И.Раззаков атн. КМТУнун КОББ (Колледж) директору, Н.Исанов кампусу
И.Раззаков атн. КМТУнун КОББ (Колледж) директору, Н.Исанов кампусу
Билими:
2008-2012-жылдары – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин докторантурасы, экономика илимдеринин доктору
1994-1997-жылдары – Кыргыз архитектура-курулуш институтунун аспирантурасы, экономика илимдеринин кандидаты
1985-1990-жылдары – Фрунзе политехникалык институту. Инженердик-курулуш факультети, "Курулуштун экономикасы жана уюштурулушу" адистиги, инженер-экономист
Эмгек жолу:
2022-жылдын сентябрынан азыркы учурга чейин – И.Раззаков атн. КМТУнун КОББ (Колледж) директору
2017-жылдын сентябрынан 2022-жылдын сентябрына чейин – Н.Исанов атн. КМКТАУнун КОББ (Колледж) директору
2005-жылдын июнунан 2022-жылдын сентябрына чейин – Н.Исанов атн. КМКТАУнун "Менеджмент" кафедрасынын башчысы
2014-жылдын декабрынан 2017-жылдын сентябрына чейин – Н.Исанов атн. КМКТАУнун Экономика жана менеджмент факультетинин деканы
2006-жылдын сентябрынан 2011-жылдын мартына чейин – Н.Исанов атн. КМКТАУнун Экономика жана менеджмент факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары
2004-жылдын июнунан 2005-жылдын июнуна чейин – Н.Исанов атн. КМКТАУнун Курулуш, экономика жана менеджмент институтунун тарбия иштери боюнча директордун орун басары
1998-жылдын сентябрынан 2001-жылдын июнуна чейин – Н.Исанов атн. КМКТАУнун "Менеджмент" кафедрасынын улук окутуучусу, доценти, профессордун м.а.
1993-жылдын сентябрынан 1998-жылдын сентябрына чейин – Кыргыз архитектура-курулуш институтунун "Ишкердик ишмердүүлүк жана курулушту уюштуруу" кафедрасынын окутуучусу
1993-жылдын февралынан 1993-жылдын сентябрына чейин – Кыргыз архитектура-курулуш институтунун "Ишкердик ишмердүүлүк жана курулушту уюштуруу" кафедрасынын улук лаборанты, окутуучусу
1990-жылдын сентябрынан 1993-жылдын февралына чейин – Кыргыз сейсмикалык курулуш жана архитектура илимий-изилдөө институтунун (НИИСА) курулуш маселелерин комплекстүү автоматташтыруу секторунун инженери.
Илимий-изилдөө иштери:
70тен ашык илимий эмгектери жарыланган, эл аралык, республикалык, жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференцияларга катышат. Республикалык жана эл аралык илимий конференцияларда, тегерек столдордо жана семинарларда баяндамалар менен чыгат. КР Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти катары, КР Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча "КР турак-жай курулушун өнүктүрүүнүн эң жакшы дүйнөлүк тажрыйбасын талдоо жана колдонуу боюнча сунуштар" темасында изилдөө иштерин жүргүзгөн, КР Экономика министрлигинин "2030-жылга чейин жеткиликтүү турак-жай" мамлекеттик программасын иштеп чыгууга катышкан, анын ичинде турак-жай курулушун каржылоонун жыйноочу схемаларын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча.
Чет өлкөлөрдө (Германия, Хорватия, Кытай ж.б.) стажировкалардан өткөн.
Илимий-метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:
1. ORCID: https://orcid.org/0000-0001-5690-0831
2. Scopus Author ID: 59179846000
3. РИНЦ AuthorID: SPIN-код: 4321-8246
4. Google Scholar: Derbisheva Elmira https://scholar.google.com/citations?user=yIOE-k4AAAAJ&hl=ru&oi=ao
5. researchgate.net: Derbisheva Elmira