Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Бирисманов Эркин Жолунбекович


Бирисманов Эркин Жолунбекович
И.Раззаков атн. КМТУнун КОББ (Колледж) Өндүрүштүк практиканын жетекчиси, Н.Исанов кампусу

Билими:

2008-2009-жылдары – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин магистратурасы, "Транспорт каражаттарын пайдалануу" багыты, "Жол кыймылынын уюштурулушу жана коопсуздугу" программасы, "магистр" квалификациясы

2001-2006-жылдары – Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети. Транспорт жана коммуникация институту, "Кыймылдын уюштурулушу жана коопсуздугу" адистиги, "Инженер" квалификациясы

Эмгек жолу:

2022-жылдын сентябрынан азыркы убакытка чейин – И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледж) өндүрүштүк практиканын жетекчиси

2018-жылдын сентябрынан 2022-жылдын сентябрына чейин – Н.Исанов атындагы КМКТАУнун КОББ (Колледж) өндүрүштүк практиканын жетекчиси

2017-жылдын июлунан 2022-жылдын сентябрына чейин – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "Ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу" кафедрасынын улук окутуучусу

2010-жылдын сентябрынан 2017-жылдын июлуна чейин – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "Ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу" кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу

2005-жылдын октябрынан 2010-жылдын сентябрына чейин – Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "Жол кыймылын уюштуруу" кафедрасынын окуу мастери, инженери, окутуучусу

Илимий-усулдук иштери:

30дан ашык усулдук көрсөтмөлөрү, КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен 1 окуу куралы, 7 илимий макаласы жарыяланган.

Сыйлыктары:

1. КМКТАУнун Транспорт жана коммуникациялар институтунун «Грамотасы» (2007).

2. КМКТАУнун Транспорт жана коммуникациялар институтунун «Ардак грамотасы» (2011).

3. «Жаштык» борборунун «III даражадагы Диплому» (2014).

4. «Жаштык» борборунун «II даражадагы Диплому» (2016).

5. Н.Исанов атындагы КМКТАУнун КОББ (Колледж) «Ардак грамотасы» (2019).

6. Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Ардак грамотасы» (2020).

7. КМКТАУнун КОББнын 2020-жылдын эң мыкты кызматкери сертификаты.

8. Казан Мамлекеттик Маданият институтунун Ыраазычылык каты (2023).


Кабинет: Н.Исанов кампусу, 9/138

e-mail: erkin.birismanov@kstu.kg

Гр.работы: Пн-Пт 9:00-17:45