Инженер программист
Кызматтык милдеттер
2.1. Окуу процессин, иш-чараларды жана дистантык билим берүүнү жайылтууга багытталган долбоорлорду уюштурууга, методикалык жана техникалык жактан камсыздоого көмөктөшүү — И.Раззаков атындагы КМТУнун билим берүү порталы аркылуу.
2.2. Электрондук билим берүү технологияларын жана электрондук ресурстарды иштеп чыгуу жана И.Раззаков атындагы КМТУнун окуу процессине киргизүү.
2.3. Автоматташтырылган окутуу курстарын түзүү жана автоматташтырылган окутуу системаларын колдонуу менен сабак өткөрүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана үзгүлтүксүз жаңыртып туруу.
2.4. И.Раззаков атындагы КМТУнун билим берүү порталы, корпоративдик электрондук почта жана расмий сайты боюнча окутуучуларды, кызматкерлерди жана студенттерди техникалык жактан колдоо жана кеңеш берүү.
2.5. Студенттер үчүн билим берүү порталы менен иштөө боюнча сабактарды өткөрүүгө катышуу.
2.6. Студенттер жана окутуучулар менен билим берүү порталы жана корпоративдик электрондук почта аркылуу кат жазышуу аркылуу үзгүлтүксүз байланыш жүргүзүү (окуу процессинде жаралган кыйынчылыктарды тактоо жана бардык талаштуу жагдайларды ыкчам чечүү).
2.7. И.Раззаков атындагы КМТУнун расмий сайтынын контентин жаңылоо, толуктоо боюнча мониторинг жүргүзүү жана зарыл учурда жетекчиликке тиешелүү чараларды көрүү боюнча маалымат берүү.
2.8. Билим берүү мекемелериндеги иш тартиби жана шарттарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин, иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздерин билүү; IT департаментинин директору жана web-борбордун башчысынын тапшырмаларын аткаруу.

