Улук адис
Кызматтык милдеттери:
2.1. Окуу процессин уюштурууга, методикалык жана техникалык жактан камсыздоого көмөк көрсөтүү.
2.2. И.Раззаков атындагы КМТУнун окуу процессине электрондук билим берүү технологияларын жана электрондук ресурстарды иштеп чыгуу жана киргизүү.
2.3. И.Раззаков атындагы КМТУнун окуу процессине видео-технологияларды жана телекөрсөтүү ресурстарын киргизүү жана колдонуу.
2.4. КМТУнун ТВ-студиясында иш жүргүзүү:
- Видеомаалыматтарды жана контенттерди даярдоо жана иштеп чыгуу;
- Ар түрдүү программалар жана видео-технологиялар аркылуу видеоматериалдарды жаратуу;
- Электрондук окуу материалдарын, графикалык (флеш-анимация), аудио жана видео объекттерди түзүү жана иштеп чыгуу;
- ТВ-контенттин видео-режиссурасы жана иштеп чыгуу процесси;
- Добуш режиссурасы жана үн/фон контенттерин иштеп чыгуу;
- Видео-лекциялар жана ТВ-программалар үчүн сценарий материалдарын даярдоо;
- Видеооператордук иштер жана окуу материалдарын тартуу;
- Видеомонтаж иштерин жүргүзүү жана материалдарды иштеп чыгуу.
2.5. Билим берүү мекемелериндеги иш тартибин жана шарттарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин, иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздерин билүү; IT департаментинин директорунун жана web-борбордун башчысынын тапшырмаларын аткаруу.
 
                         
                         
                


 
                
                





