Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Абитуриентке


УРМАТТУУ АБИТУРИЕНТ!

"Планетанын келечеги - өнүгүү менен жаратылыштын ортосундагы тең салмактуулукту сактай алган инженерлердин иши"

«Өнөр жай коопсуздугу жана геоэкология» кафедрасы өндүрүштүн бардык тармактарында туруктуу өнүгүүгө жана «жашыл» технологияларга өтүүгө басым жасоо менен коопсуздук, экология жана заманбап физикалык процесстер боюнча жогорку квалификациялуу бүтүрүүчүлөрдү даярдайт. Төмөндөгү адистиктер күндүзгү жана сырттан окутуу боюнча:

Кесиптик

Адистештирүү

Окутуунун формасы

63000-Кен иши (квалификациясы - тоо-кен инженери)

Технологиялык коопсуздук жана тоо-кен тармагында куткаруу иштери

күндүзгү – 5 жыл

сырттан – 6 жыл

Тоо-кен ѳндүрүшүнүн  экологиясы

күндүзгү – 5 жыл

сырттан – 6 жыл

630004- Кен же мунай газ өндүрүшүндѳгү физикалык процесстер  (квалификация -   тоо-кен инженери)

Мунай газ өндүрүшүнүн физикалык процесстери

 күндүзгү – 5 жыл

 

Кабыл алуу эрежелери:

Кыргыз Республикасынын, ошондой эле башка мамлекеттердин орто билими бар бардык жарандары университетке кирүүгө укуктуу.

Керектүү документтер:

1. Орто билими женундегу документ;

2. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы;

3. 3х4 өлчөмүндөгү 6 фотосүрөт;

4. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

5. Аскердик билет же каттоо күбөлүгү.

Биздин дарек:

720001, Кыргызстан, Бишкек, Чүй проспектиси 164, 12-имарат, 108- кабинет

Телефон: +996 312 61-37 05

Email: damira.sambaeva@kstu.kg

Сайт: www.kstu.kg