Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


«ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУ ЖАНА ГЕОЭКОЛОГИЯ» КАФЕДРАСЫ

Самбаева Дамира Асанакуновна-

кафедра башчысы, техника илимдеринин доктору, профeccop, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, КР нын Инженердик академиясынын мүчө - корреспонденти

E-mail: kafpb@list.ru

Телефон: +996 (312) 61-07-79;

Сайт: www.kstu.kg

Адрес:  Чүй пр. 164, 9 каб.

«Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу» кафедрасы 1992-жылы Тоо-кен - металлургия институтунда жана ушул сыяктуу кафедра 1994-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 1994-жылы түзүлгөн.

«Өнөр жай коопсуздугу» кафедрасы Кыргыз тоо-кен-металлургиялык институтунун ректорунун 2002-жылдын 1-мартындагы № 01/39 буйругу менен түзүлгөн.

«Өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана экология» кафедрасы 2005 - жылдын 28 - сентябрындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) ректорунун №1 буйругунун негизинде түзүлгөн.

«Техносфералык коопсуздук» кафедрасы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМТАУ) ректорунун 2017-жылдын 4 - июлундагы №1/105 буйругу менен «Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу» жана «Суу менен камсыздоо жана сууну агызуу» кафедраларынын базасында уюштурулган. Ал эми И. Раззаков атындагы KМTУ нин «Технологиялык коопсуздук» кафедрасы 2018-жылы Энергетика факультетинин курамындагы «Өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана экология» кафедрасы менен «Теплотехника жана ЖК» кафедрасынын өндүрүштүн жана технологиялык процесстердин коопсуздук профилин бириктирүү менен түзүлгөн. У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетинде 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 01-2 / 133 буйругунун негизинде «Айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануунун экономикасы» жана «Өнөр жай коопсуздугу» кафедралары биригип «Геоэкология жана өнөр жай коопсуздугу» кафедрасы болуп түзүлгөн.

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректорунун буйругунун негизинде «И. Раззаков атындагы КМТУнин уюштуруу - башкаруу түзүмүн бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 1-сентябрындагы №1/135 буйругунун негизинде «Өнөр жай коопсуздугу жана геоэкология» кафедрасы И. Раззаков атындагы КМТУ нин, Н.Исанов атындагы КМТАУнин «Техносфердик коопсуздук», У.Асаналиев атындагы КМТКУнин «Геоэкология жана өнөр жай коопсуздугу» кафедраларынын биригишинен түзүлдү.

Кафедра 630003 «Тоо-кен иши» адистиги боюнча кесипке даярдайт: «Технологиялык коопсуздук жана тоо-кен куткаруучу» жана «Тоо-кен өндүрүштүк экология» боюнча тоо-кен инженери квалификациясындагы адистиктерди даярдайт; 760300 «Техносфералык коопсуздук» багыты боюнча «Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу», «Айлана-чөйрөнү инженердик коргоо», «Өзгөчө кырдаалдардан коргоо», «Технологиялык процесстердин жана өндүрүштөрдүн коопсуздугу» профили боюнча бакалавр жана магистрлерди даярдайт. «Бакалавр» квалификациясы жана «магистр» академиялык даражасы ыйгарылат.

Кафедранын стратегиялык максаты алган билимдерин жана технологиялык көндүмдөрүн илимде, өндүрүштө жана ишкердикте колдоно ала турган кесипөй адистерди даярдоодо билим берүүнүн жогорку деңгээлине жетүү.

Материалдык-техникалык база. Кафедрада төмөнкү лабораториялар түзүлгөн: геоэкологиялык, жер ресурстарын коргоо, тоо-кен куткаруу жана өнөр жай коопсуздугу боюнча, ЖК боюнча  атайын жабдылган аскалуу полигон. Илимий изилдөөлөр үчүн  көчмө лабораториялар колдонулат; суунун жана топурактын суутектик көрсөткүчүн аныктоо үчүн рН - метр; КФК - 2 – УХЛ- 4, 2электрондук тараза NAGEMA; ЦЛК-1 центрифугасы, кургатуучу шкаф 2В - 151; муфель меши MП – 2УM; ВТ-тибиндеги торсиондук тараза; микроскоптор WF10X жана микроскоп ЛOMO, телевизор, DVD, психрометр ВИT-1, ШИ-10 шахта интерферометри, үн деңгээлин өлчөгүч, оптикалык микробарометр, эсептегич анемометр AП - 1 , APИ- анемометри , микроманометр , стакан анемометр, психрометр , газ химиялык анализатор ГХ - 4 , тоо-кен лампалары , изоляциялык өзүн-өзү куткаруучулар ШС7M, чыпкалоочу өзүн-өзү куткаруучулар СПП - 2, РВЛ калыбына келтирүүчү респираторлор, компьютерлер, жана жабдуулар жеке коргонуу: комбинезон, бут кийим, каскалар, респираторлор, көз айнек, кол кап, наушник, компьютердик базасы.

Кафедранын кадрдык составы: Самбаева Д.А. - техника илимдеринин доктору, профессор; Бекболотова А.К. - д.б.н., профессор; Бейшенкулова Д.А. – т.и.к., доцент; Баканов К.Т. -  т.и.к., доцент; Абдурахманов Г.А. – г-м.и.к.,доцент; Калчороев А.К. – т.и.к., доцент; Омуров Ж.М. - т.и.к,, доцент; Исагалиева А.К. – э.и.к., доцент; Сатыбалдиева Дж.К. – т.и.к., доцент; Сыдыков Ж.Д. – т.и.к., доцент; Калыбек у. М. – т.и.к., доцент; Молдошев К.О. – г.и.к., доцент; Джамгырчиев Дж.Ч. –г.и.к., доцент; Бердиева М.Т. – г.и.к., доцент; Шабданова Э.А. – х.и.к., доцент; Дегембаева Н.К. – т.и.к., доцент; Шапакова Ч.К. -.х.и.к., доцент; Абылмейизова Б.У. – г.и.к., доцент; Степанов С.Б. – улук окутуучу; Бейшембиев М.С. - улук окутуучу; Куниев А.Х. - улук окутуучу; Махмутов А.М. - улук окутуучу; Маширов Д.А. - улук окутуучу; Токтокожоева Т.К. - улук окутуучу; Шаршеева Э.Б. - улук окутуучу; Кочорбаева З.Б - улук окутуучу; Егембердиева Г.А. - улук окутуучу ; Джайлокеева А.М. - улук окутуучу; Орозахунова С.К. - улук окутуучу; Уманова Н.Д. - улук окутуучу; Таштанбаева В.О. - улук окутуучу; Жапакова Б.С. - улук окутуучу; Мамбетакунов А.К. - окутуучу; Мурзаканов А.Н. - окутуучу; Мамбеталиева З.Б. - окутуучу; Кубатова Н.К. – окутуучу; Токтокунов А.И. - окутуучу; Иргебаев М.У. - окутуучу;СарыгуловаЖ.-методист.

Кафедранын ишмердүүлүгү. Кафедра бүтүрүүчү билим берүүчү структура болуп саналат жана илимий, окуу-методикалык, уюштуруучулук жана тарбиялык иштерди жүргүзөт; 630003 «Тоо-кен иши» адистиги боюнча жана 760300 «Техносфералык коопсуздук» багыты боюнча адистерди даярдоону камсыз кылат. Кафедрада окутуунун дагы бир милдеттүү элементтеринин бири болуп төмөнкү багытта жүргүзүлүүчү окутуучулар менен студенттердин илимий-изилдөө иштери саналат: «Экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрөнү коргоонун заманбап проблемасы», «Кен казып алуунун геоэкологиялык көйгөйлөрү жана алардын физика-химиялык жана  технологиялык негиздеринин коопсуздугун иштеп чыгуу», «Өндүрүштүн айлана - чөйрөгө болгон таасирин баалоо», «Өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын кайра иштетүүнүн методологиясын иштеп чыгуу».Кафедранын кызматкерлери жана студенттери жыл сайын Эл аралык жана Республикалык илимий-техникалык конференциялардын ишине катышат. Изилдөө иштери Scopuc, Web of Science, РИНЦ журналдарында жарыяланат.

Окуу жана өндүрүштүк практикаларды жүргүзүү: «Хайдаркан сымап комбинаты» ААК, «Кыргызалтын» ААК, «Талас Голд Майнинг Компани» ЖАК, «KAZMineralsBozymchak» ЖЧКсы, «Жыргалаң шахтасы» ЖЧК, «Кыргызкөмүр» МИ, «Vertex Gold Company» ОсОО, «Кара-Кече» көмүр кени, «ПромЭнергоСервис Плюс»ЖЧКсы, «Мастер РТИ»ЖЧКсы, «Газпром-Кыргызстан» ЖЧКсы,  «Газпром нефть» ЖСКсы, «Глобал Ширалжин Майнинг» ЖЧКсы, ошондой эле уюмдар жана ведомстволор менен: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Б. Ельцин атындагы Кыргыз - Славян университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, КР УИАнын химия жана фитотехнология институту, КР УИАнын суу проблемалары жана гидроэнергетика институту, Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту, Кыргыз Республикасынын илимдер академиясы, Кыргыз минералдык ресурстар институту, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу курчап турган чөйрөгө мониторинг департаменти, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Бишкек шаардык аймактык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, «Флюид» коомдук фонду, «Каратал-Жапырык» мамлекеттик коругу, Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу, Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы, «Түндүкэлектро» ААК, «Чыгышэлектро» ААК өндүрүштүк базаларда жүргүзүлөт.