Бектурова Кенже Абдырасуловна .
«Жаштар менен иштөөнү уюштуруу жана орус тили жана адабияты» кафедрасынын жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, доцент
1989-ж. СССРдин 50 жылдыгы Кыргыз Улуттук университетинин Филолог – окутуучу адистигин аяктаган.
1990-1994-ж. ага лаборант, окутуучу болуп эмгектенген. 1998-ж. Н.Исанов ат.Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "Орус тили жана адабияты" кафедрасынын окутуучу кызматына сынактын негизинде өткөн.
2010-ж. «Кожожаш» эпосунда жаратылыштын жана адамдын сүрөттөлүш принциптери", Фольклористика темасы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. 2017-жылы 10.01.01-Доцент-адабиятчы окумуштуу даражасы ыйгарылган.
Кафедрада 1-курстун студенттери үчүн орус тили сабагынын практикалык курсун бардык адистиктерге өтөт. "Жаштар менен иштөөнү уюштуруу" адистиги үчүн «Пиар жана жарнама» лекциясын өткөрөт. 4-курстун студенттери үчүн маектешүүнүн ийгиликтүү өткөрүү жана резюмени туура, натыйжалуу толтуруу боюнча тренингдерди өткөрөт. Орус тилинен окуу жай аралык олимпиаданы өткөрүү боюнча жооптуу жетекчи.