Илимий изилдөө иштери
И.Раззаков атн. КМТУ
ТФ
Илимий изилдөө иштери
Технологиялык факультеттеги илимдин өнүгүүсүнүн башында төмөнкүлөр турушкан: илимдин кандидаттары, доценттер: Чешев К.С., Дыченко Ф.Е., Омурзаков Ж.О., Моисенко А.С., Барелко Н.Б., Герасимова Л.К., Сейтпаева С.К., Шабданбеков У.Ш. ж.б.
Факультеттин окумуштуулары азыркы илимдин төмөнкүдөй актуалдуу көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөрдү активдүү жүргүзөт: жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү жана ден соолукту коргоо, функционалдык азыктарды өндүрүүдөгү биотехнологиялык изилдөөлөр, базальттын негизиндеги композициялык материалдар ж.б. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү (ММУ, РХТУ, КазМУ, АТУ, МТИПП, Швеция, Германия, Улуу Британия, АКШ ж.б.) кесиптештери менен биргеликте долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү ийгиликтүү аткарып жатышат.
Профессорлор Баткибекова М.Б., Джунушалиева Т.Ш., Д.Б.Борбиеванын жетекчиликтери менен «Химия жана химиялык технологиялар» кафедрасынын окумуштуулары тарабынан аткарылган ИИИнин негизги жыйынтыктарын өнөр жай өндүрүшү үчүн жаңы технологияларды иштеп чыгуунун бүтүндөй бир катарына кошууга болот, аларды алсак: калдыктарды (рафинирлешкен шлактар) жана Кадамжай сымап комбинатында сымап өндүрүүдөн чыккан таштанды электролиттерди утилдештирүүнүн технологиялары; Терек-Сайда, Долпранда, Иштамбердыда (КР) жайгашкан алтын камтыган катуу кендердин кошулмаларынан тиокарбамиддик жол менен алтынды бөлүп алуунун экологиялык коопсуз технологиялары; Долпранда (КР) жайгашкан алтын камтыган катуу кендердин кошулмаларынан тиокарбамиддик жол менен алтынды бөлүп алуунун экологиялык коопсуз технологиялары; Иштамберды кен казуу жайындагы алтын-мышьяк кошулмаларынан тиокарбамиддик жол менен алтынды бөлүп алуунун технологиялык схемаларынан алынган мышьяктардын жыйынтыгы боюнча изилдөөлөр; КРдин түндүгүндөгү жаратылыш сууларындагы микробиологиялык булганууларды жана токсиндүү металлдардын курамын изилдөө; иче турган сууну тазалоонун экспресс-методун иштеп чыгуу ж.б.
ТАӨТ кафедрасынын окутуучулар курамы профессорлор М.М. Мусульманова, А.Дж. Джамакеева, Т.А. Супонина, А.Ш. Мамбетованын жетекчиликтери астында берилген касиеттерге (функционалдык) ээ тамак-аш азыктарын жаратуунун илимий-практикалык негиздерин иштеп чыгуу, стресске каршы, адаптогендүү, жыт берүүчү жана радиопротектордуу касиеттери бар азыктарды жаратуу максатында жаныбарлардан алынуучу чийки зат азыктарын (сүт, эт) кайра иштетүү техникасын жана технологиясын өнүктүрүү; жаңы технологияларды өндүрүшкө киргизүүнү даярдоо менен алектенишет.
ТФдагы ОПК өз квалификациясын эл аралык билим берүү программалары, стажировкалар, аспирантурада окуу менен жогорулатышат. Изилдөөнүн материалдары монографиялар, Крдин ойлоп табуучулук патенттери, рецензиясы бар илимий журналдарга чыккан макалалар түрүндө жарыяланган жана республикалык, эл аралык илимий-практикалык конференцияларда баяндамалар жасалып, өндүрүшкө киргизилген.
Акыркы жылдары тамак-аш өнөр жайынын бир катар ишканаларында «Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиялары» кафедрасынын бир канча иштелмелери текшерүүдөн өтүп, ишке киргизилди, анын ичинде: «Токчулук» («Эридан-сүт») кычкыл сүт суусундугунун жаңы технологиясына тажрыйбалык-өнөр жай текшерүүсү жүргүзүлдү; «Эльвест» ААКсында «Дан-Ай» сары суусу бар сусундугун чыгаруу технологиясы, жеке ишкер тарабынан «Элет-сут» ишканасында «Бозодой» сары суусу бар сусундугун чыгаруу киргизилди; тамак-аш булалары жана топинамбурасы бар кычкыл сүт азыктарын иштеп чыгуунун технологиялары «ЭльВест» ААКсына киргизилди; жогорку антиоксиданттык активдүүлүгү бар жаңы сыр жасоо технологиясы «ЭльВест» ААКсына киргизилди ж.б.
Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча (студенттер менен биргеликте) эт азыктарынын жаңы технологиялары (кургатып кесилген эт, «Шпеквурст» кайнатылып ышталган колбаса чыгаруу технологиялары) түзүлүп, «Риха» ЖЧКсында; «Византийская» кайнатылып ышталган колбаса чыгаруу технологиясы «Баркад» ЖЧКсында; «Киевче чочконун эти» чүйгүн азыгын чыгаруу технологиясы «Новопавловдук колбасалар» ЖЧКсында сыноодон өтүштү ж.б.
Эт азыктарындагы биологиялык баалуулуктарынын химиялык курамына жана базалык көрсөткүчтөрүнө эсептөө жүргүзүүгө карата программалык камсыз кылуулар иштелип чыкты (Джамакеева А.Дж., Ашымова А.Ж.). Бул иш 2017-жылы Ысык-Көлдө өткөн Жаштардын эл аралык форумунда «Мыкты инновациялык азык» Дипломуна, ошондой эле 2017-жылдагы GIZдин «Идеялар жарманкесинин» 1-даражадагы Диплому менен сыйлыгына ээ болду. Ушул эле кафедранын кызматкерлери М.Д. Халмурзинанын, А.Ш. Мамбетованын эмгектери II жана III даражадагы Дипломдорго ээ болду.
Айлана-чөйрөнүн абалы начарлаган жана тамактануу түзүмү бузулган аймактарда жашаган калк үчүн бул сунушталган азыктарды массалык түрдө өндүрүп чыгаруу калктын ден соолугун массалык түрдө чыңдоону ишке ашырат.
«Консервалоо технологиясы» (ТК) кафедрасынын изилдөөчүлөрү тарабынан «Аязмар» АКсында «Максым» суусундугун өндүрүү актысы алынган (автору Коджегулова Д.А.). «Макый Дан» ЖЧКсында «Бадырак ванильный», «Бадырак шоколадный» жарылма дандарды чыгаруу өндүрүшкө киргизилген (автору доц. м.а. Конкубаева Н.У.). Жаңы ферменттүү «Бозодой» Зсары суусу бар суусундукту Зарлыковдун ЖИсинде чыгаруу өндүрүшкө кирген (автору доцент Элеманова Р.Ш.).
«Тамак-аш өнөр жайында ресурсту сарамжалдоо, айлана-чөйрө менен ден соолукту коргоо» форматында «Тамак-аш инженериясы» кафедрасы «Үчүнчү үй бүлөлүк механизмдерди түзүмдүк синтездөөнүн ыкмаларын» (Садиева А.Э.), «Айыл-чарба азыктарын жана материалдарын чаңдатуу менен кургатуу техникаларын жана технологияларын өркүндөтүүнү» (Кочнева С.В.), «Материалдарды синтездөө ыкмаларын» (Абдираимов А.А.) иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатышат.
«Дизайндын жогорку мектеби» кафедрасынын башчысы К.К. Коеналиевдин медиа-программадагы сувенирдик азыктары жана анын ачылышы И.Раззаков атындагы КМТУда ишке киргизилген. Алар тарабынан ошондой эле КРдин Мамлекеттик стандарты КМС1303:2017 иштелип чыккан, ал Крдеги басмалар жана полиграфиялык ишканалар үчүн Улуттук стандарт катары киргизилген. Доценттер К.К. Коеналиевдин ,С. Адышевдин, Т. Забидиновдун, А.А. Момуналиевдин живопистик жана графикалык эмгектери Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн китептик жана журналдык азыктарына иллюстрациялар катры киргизилген. Окутуучу А.Т. Турганбаеванын мектеп окуучулары үчүн формасы КР ББжИМнин 3-даражадагы дипломуна татыктуу болгон.
Профессор А.С. Иманкулованын жана каф. башчысы И.А. Рысбаеванын жетекчилиги астында «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы» кафедрасынын окумуштуулары тарабынан жаңы композициялык материалдар иштелип чыгып, өнөр жайдын ар кандай тармактарында ишке киргизилди:
— токума негиздүү текстилдик композициалык материал (Иманкулова А.С.) Кара-Балтадагы тамак-аш казандар заводу;
— атайын бут кийимдер үчүн таман төшөлмөлөрү ( Иманкулова А.С., Чимчикова М.К., Тагаева Н.И., Чукбаева А.М.), ЖЧК «Гермес»;
— атайын дайындоодогу жаңы композициялык материал (Рысбаева И.А.). Чүй областынын Өрт коопсуздук башкармалыгы;
— текстилдик армирлөөчү негиз (Иманкулова А.С. Рысбаева И.А. Турусбекова Н.К.), “IHLAS” курулуш компаниясы;
-комплекстүү композициалык материал (Иманкулова А.С. Рысбаева И.А. Турусбекова Н.К.) 2007, АК «Ак марал»;
— көп катмарлуу композициалык материал жана аны жасап чыгаруунун жолдору (Иманкулова А.С. Рысбаева И.А. Турусбекова Н.К.), АК «Алия»;
— кездеме эмес материалдарды алуу үчүн түзүлүш (Иманкулова А.С. Рысбаева И.А. Турусбекова Н.К. Шабданова А.С.), кездеме эмес материалдарды алуу боюнча «Айкөл» ЖКсы
-медиктер үчүн моделдердин жаңы коллекциясы (Маслянова Ф.И.), «Медиа плюс» фирмасы.
«Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедрасындагы ОПК тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары доценттер Е.Е. Лысогоровдун, К.Б. Акматовдун жеке көргөзмөлөрүндө көргөзүлгөн. Кафедранын доценттери А. Момуналиевге жана Е Лысогоровго Москва шаарындагы Эл аралык Конфедерациянын дипломдору ыйгарылган. «Дизайндын жогорку мектеби» кафедрасынын доценттери Адышев С.Т., Момуналиев А.А. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ACCENT «СВЕТ/ФОРМА» чыгармачыл тобунун Эл аралык көркөм көргөзмөсүн уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышышты. Көргөзмөдө 110дон ашык төмөнкүдөй эмгектер көрсөтүлдү: Кыргызстан жана Казакстан сүрөтчүлөрүнүн живопистери, графикасы, айкелдери, ювелирдик иштери.
Доцент Мамбетова Б.Ж. «КРдин маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисине татыктуу болду.
«Жеңил өнөр жай буюмдары» кафедрасынын студенткасы Абдылдаева Жаңыл кийизден жана жибектен жасалган «Кылым карытар бир күн» аталышындагы коллекциясын Ассоль Молдакматова менен авторлукта жарата алды жана чет өлкөлүк бир катар иш-чараларга катышып келди. Бул студент кыз өзүнүн жаңы коллекциялары менен 2018-жылы Челябинск шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышты. Ошондой эле 2018-жылы Анкара шаарындагы фешн-көрсөтүүсүнө «Эволюция» аттуу коллекциясы менен катышты.
Санк-Петербург шаарында өткөн «Этномода» ижана «Адмиралтейская игла» эл аралык көргөзмөсүндө студент кыз Е. Заболотневанын жеңишин «Жеңил өнөр жай буюмдары» кафедрасынын жетишкендиги катары эсептөөгө болот (жетекчилери: Мамбетова Б., Халанская Е.). Доцент Е.Е. Лысогоров өкмөттүн «КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери» сыйлыгына татыктуу болду.
Ойлоп табуучулук активдүү ишмердиги үчүн профессор М.Б.Баткибекова 2012-жылы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалы менен сыйланган, 2010-жылы ЖӨБТ кафедрасынын башчысы А.С. Иманкуловага Илим жана техника тармагындагы КРдин Мамлекеттик премиясы ыйгарылган жана лауреат наамы берилген.
2017/18-окуу жылы үчүн гана 3 монография, 99 макала, анын ичинде 60 макала – РИНЦ журналдарына жарыяланган, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары 116 республикалык, 47 эл аралык илимий-практикалык конференцияларда угулган, КРдин 5 патенти алынган, 7 ойлоп табуу үчүн КРдин патентин алууга арыз берилген
Джамакееванын доктордук диссертациясы коргоого даяр болду, А.А.Усупкожоева менен Р.Ш.Элеманованын доктордук диссертациялары иштелип жатат. Э.И.Сырымбекованын, Д.С Кудайбергенованын., Г.А.Наркозиеванын, Дж.А. Барсанаеванын кандидаттык диссертациялары коргоого даяр болуп калды.
Тфнын илимий ишине студенттер активдүү катышат. Иштер этаптар боюнча жүргүзүлөт: кенже курстарда – бул илимий рефараттарды жазуу, изилдөө методдорун үйрөнүү, андан ары окутуучунун жетекчилиги менен эксперименттерге жана изилдөөлөргө катышуу.
Жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий ишмердиктери үчүн факультетте бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кафедралардын 15тен ашык лабораториялары, «Технолог» ОПБсы, «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы, «Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедраларынын лабораториялары менен өнөрканалары («Сайма») пайдаланылат. Университет жаш окумуштуулардын, аспиранттардын жана студенттердин конференцияларын дайыма өткөрүп турат, дипломдор менен сыйлап, конференциянын материалдарын жыйнакка жарыялап турат.
ТФнын жаш окумуштуулары, аспиранттары жана студенттери И.Раззаков атындагы КМТУнун жыл сайын болуучу илимий конференцияларына активдүү катышышат. Атап айтсак, Жаш окумуштуулардын, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин Эл аралык мааракелик 60-илимий-техникалык конференциясында төмөнкү секциялар боюнча 98 баяндама угулуп, 12 катышуучу 1, 2, 3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты: «Химиялык технологиялар жана жаңы материалдар», «Текстиль жана жеңил өнөр жай технологиялары», «Механика жана робототехника».
Студентердин жасаган иштери боюнча көргөзмөгө Технологиялык факультеттин бардык кафедраларынын студенттеринин экспонаттары, макеттери, буюмдары коюлду. Пленардык отурумда ТПООПб-1-14 тайпасынын студенти Р.Ногоева «Топоздун этинен жаңы азык өндүрүүдө ар кыл маринаддарды пайдалануу» деген темадагы баяндамасы менен чыкты (илимий жетекчилери Тамабаева Б.С. жана Аширбекова Г.Б.). 2018-жылдагы мыкты илимий-техникалык иштелмелер катары төмөнкүлөр таанылды:ТКИЛП(б)-1-15 тайпасынын студенти Ж.Абдылдаеванын «Улуттук кийимдердин мурасы жана өнүгүүсү» коллекциясы (илимий жетекчиси М.О. Сыдыгалиева), студент М.Курманбаеванын бамбук колдонуу менен «Кыргыз жерим» аттуу чийден жасалган панносу (илимий жетекчиси Б.Ж. Мамбетова).
И.Раззаков атн. КМТУ ТФ Илимий изилдөө иштери