Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

[Translate to Кыргызча:] История кафедры


«КУРУЛУШ МЕХАНИКАСЫ ЖАНА ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛУШ» КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ

«Курулуш механикасы жана ГТК» кафедрасынын калыптануу тарыхы «Теориялык механика», «Материалдардын каршылыгы», «Курулуш механикасы» жана «Гидротехникалык курулуш» кафедраларынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышта.Кыргыз архитектура-курулуш институту (КАКИ) түзүлгөн мезгилде “Теориялык механика” кафедрасын физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Дилдаев М.С.,  “Материалдардын каршылыгы” кафедрасын физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Рудаев Я.И., “Курулуш механика” кафедрасын ф.-м.и.к., доцент Аманкулов Т.А. жетектеген.   1995-жылы «Теориялык механика» жана «Материалдардын каршылыгы» кафедралары бириктирилип, «Материалдардын каршылыгы жана теориялык механика» кафедрасы түзүлүп, ф.-м.и.к., проф. Рудаев Я.И. жетектеген.   1999-2000-жылдары т.и.к., доцент Свиденко В.Н. 2000-жылдан баштап кафедра «Теориялык жана колдонмо механика» болуп өзгөртүлүп, аны ф.-м.и.д., профессор Ж.М.Мамбеткулов жетектеген. 2002-жылы аталган кафедранын базасында «Айыл чарбасын суу менен камсыздандыруунун, суу жеткирүүнүн жана ыплас сууларды агызуунун инженердик системалары» адистиги ачылган.2004-2005-жылдары кафедраны Адигамов Н.С. жетектеген. 1993-1994-жылдары “Курулуш механика” кафедрасын техника илимдеринин кандидаты, доцент Дүйшеналиев Турат Болотбекович жана 1994-2004-жж. техника илимдеринин доктору, профессор Кутуев М.Д. жетектеген.

«Гидротехникалык курулуш» адистиги 1994-жылы «Темир-бетон конструкциялары» кафедрасында ачылган. 1994-95-окуу жылында “ТБК” кафедрасына «ГТК» адистиги боюнча биринчи абитуриенттер кабыл алынган. Бул жылдар аралыгында т.и.к., доцент Темикеев К.Т. (1995 -2000, 2017-2018), техника илимдеринин доктору, профессор Соболин Г.В. (2000 - 2003), техника илимдеринин кандидаты, доцент Мастиленко П.П. (2003-2011), техника илимдеринин кандидаты, доцент Акматов А.К. (2012-2013). жетектешкен.

Жогоруда аталган кафедраларда ар кайсы жылдарда ф.-м.и.к., доцент Жданов Н.В., ф.-м.и.к., доцент Тусубекова Н.А., ф.-м.и.к., доцент Пазылов Ш.Т., улук окутуучу Жалалова М.Ж., улук окутуучу Полтавская Л.А., ф.-м.и.к., доцент Кыдыралиев Н.Н., улук окутуучу Глазунова Л.П., ф.-м.и.к., доцент Салиев А.Б., ф.-м.и.к., доцент Мекенбаев Б.Т., т.и.к., доцент Исмаилов М.И., проф. Свиденко В.Н., т.и.к., доцент Жакыпбеков А.Б., окутуучу Бообекова А.К., ф.-м.и.к., доцент Маматов Ж.Ы., т.и.д., проф. Рахимов К.Р., т.и.д., доц. Дикамбаев Ш.Б. иштешкен.

«Механика» кафедрасы 2005-2006-окуу жылында эки тектеш «Курулуш механикасы» жана «Теориялык жана колдонмо механика» кафедраларынын базасында уюштурулуп, аны техника илимдеринин доктору, проф. Кутуев М.Д. жетектеген.2018-жылдын сентябрь айынан баштап кафедра башчысы болуп т.и.к, доцент А.Ж.Баялиев дайындалган. 2021-жылы «Суу ресурстары жана сууну пайдалануу» жана «Гидротехникалык курулуш» профилдеринин «Механика» кафедрасына кошулганына байланыштуу «Механика жана ГТК» кафедрасы болуп өзгөртүлгөн. 2021-2022-окуу жылында Н.Исанов атындагы КМКТАУну кошуп алуу жолу менен И. Раззаков атындагы КМТУнун кайра түзүлүшүнө байланыштуу, «Механика жана ГТК» кафедрасы «Курулуш механикасы жана ГТК» кафедрасы болуп өзгөртүлдү. «Механика» кафедрасы 2005-2006-окуу жылында эки тектеш «Курулуш механикасы» жана «Теориялык жана колдонмо механика» кафедраларынын базасында уюштурулуп, аны техника илимдеринин доктору, проф. Кутуев М.Д. жетектеген.  2018-жылдын сентябрь айынан баштап кафедра башчысы болуп т.и.к, доцент А.Ж.Баялиев дайындалган. 2021-жылы «Суу ресурстары жана сууну пайдалануу» жана «Гидротехникалык курулуш» профилдеринин «Механика» кафедрасына кошулганына байланыштуу «Механика жана ГТК» кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.

 

2021-2022-окуу жылында Н.Исанов атындагы КМКТАУну кошуп алуу жолу менен И. Раззаков атындагы КМТУнун кайра түзүлүшүнө байланыштуу, «Механика жана ГТК» кафедрасы «Курулуш механикасы жана ГТК» кафедрасы болуп өзгөртүлдү.

Учурда курулуш механикасы жана ГТК кафедрасында 13 профессордук-окутуучулук курам эмгектенет, анын ичинен 55,6% штаттык жана 45,4% толук эмес негизде иштегендер. Анын ичинен 2 техника илимдеринин доктору, профессор, 1 ф.-м.и.к., доцент, 5 т.и.к., доцент, 1 доценттин м.а., 2 улук окутуучу жана 3 окутуучу. Бүтүрүүчүлөр кафедранын окутуучуларынын жалпы санынын 71% түзөт. Окуу жана көмөкчү персонал: 1 – методист, 1 – лаборатория башчысы.

«Курулуш механикасы жана ГТК» кафедрасы Н.Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун структуралык бөлүмү болуп саналат жана окуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө, тарбиялык иштерди жүргүзүп, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кадыр-баркын көтөрүү боюнча жигердүү иш алып барууда.
Кафедранын миссиясы жумуш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмдүү жогорку билимдүү, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, аларды илимий-изилдөө иштерине тартуу жана «Деформациялануучу катуу телонун механикасы», «Курулуш механикасы» жана «Гидротехникалык курулуш» багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат. Кафедранын негизги стратегиялык максаты – окутуучулук курамдын жогорку сапаттагы курамын сактоо менен окуу процессинин жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу болуп саналат. Кафедранын окутуучуларынын көбү ФПИ-КАКИ-КМКТАУнун ар кайсы жылдагы бүтүрүүчүлөрү. Кафедранын окутуучуларынын илимий-педагогикалык иш стажы 14 жылдан 34 жылга чейин.