Абитуриенттер үчүн

    Үстүбүздөгү жылдын ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 2020.edu.gov.kg сайтындагы “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.

КМТУга виртуалдык саякат.

ЖРТ боюнча "Абитуриент онлайн" нускамасы.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тууралуу маалымат. И.Раззакова 2020.edu.gov.kg сайтына жайгаштырган.

 

Бакалавриат жана магистратурага кабыл алуу үчүн

Кабыл алуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  • Бакалавриат: 750500 – «Курулуш» багыты, профили: «Гидротехникалык курулуш»;
    760100 – «Жаратылышты пайдалануу жана суу чарбасы» багыты, профили: «Суу ресурстары жана суу пайдалануу».
  • Магистратура: 750500 – «Курулуш» багыты, магистрдик программа: «Гидротехникалык курулуш»;
    760100 – «Жаратылышты пайдалануу жана суу чарбасы» багыты, профили: «Суу ресурстарын башкаруу жана суу пайдалануу».

Урматтуу абитуриенттер!

 Сиздерде “Келечекте ким болом?” деген суроо жаралып жатса керек. Бүгүнкү күндө ар бир адам келечектин кесибин тандагысы келет. Ал эми “келечектин кесиби” деген эмне? Бул — адамдын теориялык билимин колдонуп, жаңы идеялар, заманбап технологиялар жана учурдагы көндүмдөр аркылуу маселелерди чечүүгө багытталган кесип.

Эми биздин кесип тууралуу кыскача:

Биздин өлкө Борбор Азияда суу ресурстары боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Өнөр жайды өнүктүрүүдөгү маанилүү тармактардын бири — бул суу чарба комплекси, башкача айтканда гидроэнергетика жана гидромелиорация.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө таза суунун негизги бөлүгү адамдар тарабынан түздөн-түз (ичүү, тиричилик ж.б.) эмес, айыл чарбада (ирригация) жана өнөр жайда пайдаланылат. Бул болсо туруктуу өнүгүүгө, социалдык-экономикалык өсүшкө, энергия өндүрүшүнө жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет.

Азыркы учурда гидроэлектростанциялардан өндүрүлгөн электр энергиясы өзгөчө актуалдуу, анткени ал эң арзан энергия булактарынын бири болуп эсептелет жана экологиялык жактан таза.

Суу ресурстары ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу процессинин негизин түзүп, коом менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы маанилүү байланыш болуп саналат. Ошондуктан суу ресурстарын туура жана үнөмдүү пайдалануу абдан маанилүү.

Суу ресурстарын сактоо жана инженердик маселелерди чечүү үчүн жогорку квалификациялуу адистер талап кылынат. Жыл өткөн сайын суу ресурстары боюнча инженерлерге жана гидротехникалык курулуш боюнча адистерге болгон муктаждык өсүүдө.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети им. И. Раззакованын курулуш механикасы жана гидротехникалык курулуш кафедрасы «Гидротехникалык курулуш» жана «Суу ресурстары жана суу пайдалануу» багыттары боюнча адистерди даярдайт.

Окуучулардын квалификацияга чейинки жана өндүрүштүк практикасы жөнүндө

Видеороликтер

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар