Тарбия иштер
Кызматкерлердин жана студенттердин ийгиликтери жана окууларына активдүү катышкандыгы үчүн .
Жаңы жылды майрамдоо жана 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн институттун иш-чараларына активдүү катышкан жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен төмөндөгү кызматкерлер жана студенттер Н.Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун Ардак грамотасы жана Грамоталары менен сыйланышты. Курулма механика жана гидротехникалык курулуш кафедрасынын методисттери Орозобекова Айзада Орозобековна, Элдияр кызы Айназик, лаборатория башчысы лаборатория башчысы, Эркинбек кызы Бегаим.
ВР-1-23
1.Абдыкадыров Даниэль Уланович
ВР-1-24
1.Дмитриев Кирилл Дмитриевич
2.Абрамзаева Баян Онолбековна
3.Сахваева Илима Азаматовна
4. Женишбеков Дастан Мелисович
ВР-1-25
1.Азимбеков Медетбек Русланбекович
ГТС-1-22
1.Онгорбекова Камила Рустамовна
ГТС-1-24
1.Шабданбеков Султан Шабданбекович
ГТС-1-25
1.Айдарканов Алихан Эльдиярович
Студенттер үчүн «Гидротехникалык курулмалардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү жана текшерүү» деген темада семинар өткөрүлдү.
2025-жылдын 16-декабрында 750500 «Гидротехникалык курулуш» жана 760100 «“Суу ресурстарын башакаруу жана сууну пайдалануу”» багытындагы студенттери үчүн «Гидротехникалык курулмалардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү жана текшерүү» деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинардын максаты - эксплуатация коопсуздугун жогорулатуу, кемчиликтерди эрте аныктоо, авариялардын алдын алуу жана объекттердин ишенимдүүлүгүн камсыз кылуучу иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн гидротехникалык курулмаларды (ГТК) текшерүүнүн заманбап ыкмаларын жана автоматташтырылган системаларын иштеп чыгуу. Буга төмөнкүлөр кирет:
1. Гидротехникалык курулуш диагностикасынын акыркы ыкмалары жана заманбап ыкмалары менен таанышуу.
2. Гидротехникалык курулуштарды ишенимдүү жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн алынган билимдерди колдонуу.
3. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана аларды оңдоо жана реконструкциялоо боюнча негизделген чечимдерди кабыл алуу.
2025-жылдын 26-сентябрынан 29.08.2025-жылга чейин биринчи курстун студенттери үчүн багыт берүү жумалыгы өткөрүлдү
2025-жылдын 26-августунда биринчи курстун жалпы чогулушу болуп өттү. Жолугушуунун максаты – институт, негизги кафедралар жана кураторлор менен таанышуу. Информация пакети боюнча обзор лекция окулду. 28-август күнү студенттердин аскердик эсепке алуу боюнча, 2-бөлүмүнүн адистери менен жолугушуу болду.Ошондой эле, студенттерди жатаканага жайгаштыруу жана каттоо маселелери да каралды.
Окуу - тарбиялык иштер
Кафедранын иш планы окуу жылынын башында түзүлүп жана кафедранын отурумунда бекитилет.
Иш план кафедрада жүргүзүлгөн иштин бардык түрлөрүн (кафедранын отурумунун планын, окуу - усулдук иштеринин планын, илимий изилдөө - иштеринин планын, кафедраны өнүктүрүүнүн комплекстүү планын) камтыйт.
Иш пландарынын пункттарынын аткарылышы ай сайын кафедранын отурумдарында каралат.
Тарбия иштери топтордун кураторлору тарабынан кафедранын түзүлгөн иш планынын негизинде ишке ашырылат, алар директордун буйругу менен алардын квалификациясын, иш тажрыйбасын, ошондой эле топтор менен иштөө каалоосун эске алуу менен дайындалат. Кураторлор окуу жылынын башталышында бекитилген иш планына ылайык өз иштерин пландаштырышат жана уюштурушат.
Тарбиялык иштердин негизги багыттары: тарбия иштери, окуу тайпаларындагы уюштуруу иштери, студенттерди патриоттукка тарбиялоо, мамлекеттик тилди даңазалоо, окуучуларга адеп - ахлактык жана эстетикалык тарбия берүү, сергек жашоо образын жайылтуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана башкалар. Куратордук иштердин планы түзүлүп, кафедранын отурумунда бекитилет. Текшерүү кафедра башчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Кафедра жана кураторлор студенттер менен тарбиялык иштерди куратордук сааттарды өткөрүү аркылуу жүргүзүшөт. Алар студенттердин сабакка катышуусун, жетишкендиктерин, топтук журналдарды үзгүлтүксүз көзөмөлдөшөт.
Окуу жылынын башында кафедранын окуу топторуна кураторлорду дайындоо жүргүзүлүп, институттун буйругу менен бекитилет.
КМжГТК кафедрасынын тарбия иштери боюнча куратордук иш пландары
- 2023-2024 жылынын тарбия иштери боюнча куратордук планы
- 2024-2025 жылынын тарбия иштери боюнча куратордук планы
- ВРб1-24 групассынын тарбия иштери боюнча куратордук планы
- ГТС б1-24 тарбия иштери боюнча куратордук планы
- ВР б1-22 групассынын тарбия иштери боюнча куратордук планы
- ВР б1-21 групассынын тарбия иштери боюнча куратордук планы

