Темикеев Конушбек Темикеевич
профессор
"Курулуш конструкциялары, имаратттар жана курулмалар" кафедрасынын профессору
- Илимий даражасы, илимий наамы – техника илимдеринин кандидаты, (05.23.01), доцент
- КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери.
1971-ж. В.В.Куйбышев атындагы Москва инженердик-курулуш институтун (азыркы Москва мамлекеттик курулуш университети) «Өнөр-жай жана жарандык курулуш» адистигин артыкчылык менен аяктаган. Жалпы эмгек стажсы 48 жыл, анын ичинен өз кесиби боюнча 40 жыл. 1970-жылы №5 Москурулуштун 107 курулуш башкармалыгына устат (мастер) болуп бекитилет. 1975-жылдан 1982-жылга чейин Фрунзе политехникалык институтунун «ТБК» кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, доцент кызматтарында иштейт.
1982-жылдан 2017-жылга чейин ФПИнин, КАКИнин, Н.Исанов атындагы КМКТАУнун «Темир-бетон конструкциялар» кафедрасын жетектеген. 1992-1994 жылга чейин Кыргыз архитектура-курулуш институтунун (КАКИ) илимий иштер боюнча проректору, 1995-жылдан-2005-жылга чейин КАКИ-КМКТАУнун курулуш факультетинин деканы. 2006-жылдан 2017-ж. чейин КЭМИнин директору. 1975-жылы В.В.Куйбышев атындагы Москва инженердик-курулуш институтунда кандидаттык диссертациясын жактайт. Темикеев К. 150дөн ашык илимий жана окуу-усулдук эмгектердин, 4 монографиянын, КР ББжИМ грифи бар 2 окуу китебинин автору.
Проф. Темикеев К. 2 техника илимдеринин кандидатынын, 10 илимдин магистранттарынын илимий жетекчиси, «Курулмалар жана имараттардын темир-бетон конструкцияларынын эксплуатациялык ресурстарын баалоонун илимий-усулдук негиздери» аттуу маселенин үстүндө иш алып барат. Кесип ээлерин даярдоо ишиндеги кошкон зор салымы жана көп жылдык ак ниет көргөзгөн эмгеги үчүн, университеттин коомдук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн проф. К.Темикеев төмөнкү сыйлыктар менен сыйланган: КР Ардак Грамотасы (2002-ж.), билим берүүнүн мыктысы (1986-ж.), СССРдин билим берүү министрлигинин көптөгөн сыйлыктарынын ээси. 1998, 2008-жж. «Жылдын Адамы» наамы, 2011-жылы КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер.