Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Курдюмова Валентина Мифодьевна


Курдюмова Валентина Мифодьевна
профессор

   "Курулуш конструкциялары, имаратттар жана курулмалар" кафедрасынын профессору

  • Илимий даражасы, илимий наамы – техника илимдеринин доктору  (05.23.05),  профессор
  • КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери

1959-ж., Архангельск  токой-техникалык институтунун токой-инженердик иш адистигин аяктаган. Адистиги боюнча жалпы эмгек стажы- 57 жыл, анын ичинен педагогикалык - 38 жыл; КОМИ АССРнин үй-куруу  комбинатында инженер (1960-62-ж.ж.,); КР курулуш министрлигинин «Курулуш индустрия» ишканасында чебер, башкы технолог, башкы инженер (1978-82-ж.ж.,); ФПИ – КМКТАУнун «Металл жана полимердик конструкциялар» кафедрасынын башчысы (1983-2006-ж.ж.,); 2007-ж., баштап кафедранын профессору.

1981-ж., Ленинград токой-техникалык академиясында кандидаттык диссертациясын  жактаган. 1997-ж., баштап техникалык илимдердин доктору. Доктордук  диссертациясынын темасы: «Өсүмдүк сырьесунун калдыктарынын негизинде курулуш плиткаларынын курамын түзүүчү процесстердин эффекиттивдүүлүгүн жогорулатуу».

Илимий наамдары: доцент – 1982-ж., профессор – 1993-ж., Казахстан сапат менеджмент академиясынын академиги- 2005-ж., Курдюмова В.М. – Курулуш материалдарын таануу жана курулуш конструкциялары тармагынын алдыңкы адиси.  160 ашуун илимий эмгектери басылып чыккан, анын ичинде 4 монографиялары, 5 ойлоп-табуулары, 7  китеби жана 20 ашуун окуу-усулдук  иштери. Жергиликтүү өсүмдүк сырьенун негизинде  жаңы энергосактоочу композициондук курулуш материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу боюнча илимий мектептин түзүүчүсү (полиармин, соломолит, арболит ж.б.). Илимий жактан эл аралык байланыштарга ээ. Бир катар жылдардан бери доктордук жана кандидаттык диссертациялык кеңештерге мүчө. Курдюмованын В.М. жетекчилиги астында 8 кандидаттык диссертациялар жакталган, докторанттар, магистранттар жана аспиранттар иштешет. Инженердик, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо кошкон салымы жана өндүрүштүк натыйжалары үчүн СССРдин жана Кыргыз Республикасынын медалдары менен сыйланган.


Телефон: 0312 54-56-41

Кабинет: кампус 2, 3 корпус, каб. 203

e-mail: v.kurdyumova@kstu.kg