Колдонмо математика жана информатика

Кафедра кимдерди даярдайт

Кафедра төмөнкү багыттар боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдайт:
520200 «Колдонмо математика жана информатика»,
580500 «Бизнес-информатика».

«Колдонмо математика жана информатика» программасы жөнүндө

Программанын максаты — математика, физика жана маалыматтык технологиялар тармагындагы заманбап жетишкендиктерге таянып, илим менен техниканын актуалдуу маселелерин чече алган адистерди даярдоо. Студенттер математикалык ыкмаларды жана алгоритмдерди иштеп чыгуу жана колдонуу, программалык камсыздоо жана маалыматтык технологиялар аркылуу ишке ашыруу боюнча билим жана көндүмдөрдү алышат. Заманбап программалоо тилдерин жана технологияларын колдонуу менен математикалык моделдерди изилдөөгө, талдоого жана оптималдаштырууга үйрөтүлөт.

«Бизнес-информатика» программасы жөнүндө

Бул информатика, экономика жана менеджментти камтыган аралык дисциплинардык багыт. Программанын максаты — бизнес чөйрөсүндө маалыматтык системаларды жана технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча кесипкөй адистерди даярдоо.

Мен ким болуп иштей алам

Бүтүрүүчүлөр алган билим жана көндүмдөр ар кандай тармакта маселелердин моделдерин түзүүгө, жаңы программалык жана техникалык каражаттарды тез өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.

«Колдонмо математика жана информатика» программасынын бүтүрүүчүлөрү математикалык моделдөө тармагында изилдөөчү-адис, программалык камсыздоону иштеп чыгуучу, аналитик, маалыматтык технологиялар жана системаларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча консультант болуп иштей алышат.

«Бизнес-информатика» программасынын бүтүрүүчүлөрү уюштуруучулук-башкаруучулук, долбоордук, аналитикалык, консалтингдик, изилдөөчүлүк жана инновациялык ишмердүүлүк менен алектенишет.

Материалдык-техникалык база

Кафедра интернетке туташкан компьютердик класстарды камсыздайт. Анда программалоо тилдери, мультимедиялык системалар, операциялык системалар жана веб-сайттар боюнча лабораториялык сабактар өткөрүлөт.

Перспектива

Кафедра КГТУнун алдындагы Биргелешкен билим берүү программалары институту (ИСОП) менен кызматташат. «Колдонмо математика жана информатика» кафедрасын аяктагандан кийин 2 диплом алуу мүмкүнчүлүгү бар: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КГТУ) жана Улуттук изилдөө өзөктүк университетинин (МИФИ).

Кафедранын эл аралык байланыштары

  • МЭИ (Техникалык университет)
  • Н. Бауман атындагы МГТУ
  • «Кумтор Компани» ААК
  • КР УИАнын Математика институту
  • Аль-Фараби атындагы КНУ

Окуу формасы

Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт. Окуу мөөнөтү — 4 жыл. Бюджеттик жана контракттык формага кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн (ОРТ) жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Кабыл алуу мөөнөтү

Документтерди кабыл алуу июль айынын башында ОРТнын жыйынтыгы боюнча, ал эми колледжден кийин тапшыруучулар жана жакын/алыскы чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү экзамендери аркылуу жүргүзүлөт.

Керектүү документтердин тизмеси

  1. Аттестат (түп нускасы).
  2. ОРТ сертификаты (түп нускасы).
  3. Паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документ.
  4. Аскердик каттоого туруу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскердик милдеттүүлөр үчүн).
  5. 3×4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт.
  6. 086 формасындагы медициналык справка.

Байланыш маалыматтары

  • Дарек: Кыргыз Республикасы, 72004, Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти 66, каб. 2/519
  • Телефон: 312 545158

  • Email: kgtu.519@gmail.com

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар