Бизнес информатика
580500 «Бизнес-информатика» багыты
Математик-программист ким?
Бул операциялык системаларды, интерфейстерди, бөлүштүрүлгөн маалымат базаларын иштеп чыгуучу, тармактар менен иштеген, ошондой эле электрондук ишканаларды жана алардын компоненттерин, маалыматтык системаларды жана бизнес башкаруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды түзүү жана өнүктүрүү ыкмаларын жана куралдарын билген адис. Бул адистер сейрек кездешет жана жогору маяна алышат.
Математик-программист жана бизнес-информатик кайда иштейт?
Бүтүрүүчүлөр алган билим жана көндүмдөр ар кандай тармакта маселелердин моделдерин түзүүгө, жаңы программалык жана техникалык каражаттарды тез өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Математикалык ой жүгүртүү, маалымат агымдарын талдоо жана ишенимдүү алгоритмдерди түзүү жөндөмү аларга банк тармагында, мамлекеттик жана жеке уюмдарда жетекчи кызматтарда ийгиликтүү иштөөгө шарт түзөт.
Кафедра заманбап компьютердик класстар менен камсыздалган. Анда программалоо тилдери, мультимедиялык системалар, моделдөө системалары, операциялык системалар, глобалдык жана локалдык тармактар, веб-сайттар боюнча лабораториялык сабактар өткөрүлөт. Студенттер үчүн окуу жана жашоо шарттары толук түзүлгөн.
Кафедра Биргелешкен Билим Берүү Программалары Институту (КГТУнун алдындагы ИСОП, И. Раззаков атындагы) менен кызматташат. Бизнес-информатика багытында окуган студенттер 2 диплом алууга мүмкүнчүлүк алышат: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КГТУ) жана Улуттук изилдөө өзөктүк университетинин (МИФИ).
ОКУУ ФОРМАСЫ
Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт. Окуу мөөнөтү — 4 жыл. Бюджеттик жана контракттык формага кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт.
Кафедранын кадрдык курамы
Кафедранын кадрдык курамы 25 штаттык окутуучудан турат, алардын ичинен:
- 2 профессор
- 3 доцент
- 2 физика-математика илимдеринин доктору
- 3 физика-математика илимдеринин кандидаттары
- 12 ага окутуучулар
- 3 октуучу
КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР
- Аттестат (түп нускасы);
- ОРТ сертификаты (негизги тесттен тышкары математика же физика боюнча предметтик тест милдеттүү);
- Абитуриенттин паспорту же инсандыгын тастыктаган башка документ;
- Аскердик каттоого туруу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (аскердик милдеттүүлөр үчүн);
- 3×4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт.
Кабыл алуу ОРТнын жыйынтыгы боюнча июнь айынын аягында башталат.
Кафедра 30.09.2004-жылы түзүлгөн (буйрук №63).
Кафедраны ф.-м. илимдеринин доктору, профессор Джаманбаев М. Дж. жетектейт.
Email: kgtu.519@gmail.com
тел.: 0(996) 312 54-51-58

