Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Эл аралык логистика жогорку мектебинин студенттеринин демилгеси менен Логистика клубун ачтык


Эл аралык логистика жогорку мектебинин студенттеринин демилгеси менен Логистика клубун ачтык. 100гө жакын адам клубга мучө болуп киришти. Жыйынга иш берүүчүлөр дагы чакырылды. ЭЛЖМдин директору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.С.Уметалиев куттуктоо сөз сүйлөдү. Логистикалык клуб кесиптик билим берүүнүн жаңы форматы болуп саналат, анда негизги максат логистика жана жеткирүү чынжырын башкаруу тармагында жогорку квалификациялуу адистерди калыптандыруу болуп саналат.
«Бүгүн биз үчүн өзгөчө күн – биз бул жерге бир гана клуб түзүү үчүн эмес, биз бул жерде идеялар, билим алмашуу жана жамааттык өнүгүүнүн күчү менен шыктанган коомчулукту түзүү үчүн келдик. Бул клуб жөн гана жолугушуучу жай эмес. Бул студенттер тажрыйба алмашып, бири-бирин шыктандырып, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана перспективаларга толгон келечекти түзө турган жаңы мейкиндик. Биз сиздерди ар бирибизге маанилүү болгон жана чогуу өскөн, логистика дүйнөсүндөгу бийиктиктерге жетүү жолунда бири-бирибизди колдой турган кызыктуу сапарга чакырабыз».
Клубдун программасы конференцияларга, олимпиадаларга катышууну, долбоорлордун үстүндө иштөөнү, ошондой эле биздин өлкөнүн алдыңкы компанияларында тренингдерди жана стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн камтыйт. 1-курстун студенттери логистикалык клубдун жобосун, иш планын жана сайтын иштеп чыгышкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Менин келечектеги ишимде логистиканын ролу» жана «21-кылымдын логистикалык кесиби» жана логистикалык клубдун «Эң мыкты эмблема-логотип» темасында мыкты дилбаян жазуу сынактарында жеңүүчү болгон 1-курстун студенттери сыйланган. ЭЛЖМдин окутуучуларынан турган эксперттик жюри төмөнкү жеңүүчүлөру сыйланды:
1. Логистикалык клубдун мыкты эмблема-логотиби - Илья Билялов (Лб-1-23)
2. Кыргыз тилиндеги мыкты дилбаян - Жумакова Баянсулу (Лб-1-23), Кенжебекова Гүлумай (Лб-1-23)
3. Орус тилинде мыкты эссе - Султаналиев Азамат (Лб-3-23, Дасифу Камиля (Лб-3-23), Тункатарова Кымбат (Лб-2-23), Гулиев Эльдар (Лб-1-23), Батырканов Чыңгыз (Лб-1-23-топ).
Ошондой эле логистикалык клубдун ишин уюштуруу жана координациялоо үчүн башкаруу органдарынын түзүмү бекитилди, анын ишине КМТУнун бардык студенттери катышууга укуктуу. “Логистикалык клубдун” жалпы чогулушунда 10 адамдан турган Кеңеш шайланды, анын курамына эки төрага – Акылбекова Айганыш (Лб-1-23-топ) жана Кеңешбеков Аманат (Лб-3-22-топ), катчы Касымова Тунук (Лб- 1 -23 -топ) кирди.
Стартаптар боюнча координатор болуп Набиев Ислам, эл аралык байланыштар боюнча Эльдар Гулиев, тарбия иштери боюнча Айгерим Абдыраимова, бизнес менен өз ара аракеттенүү боюнча Темирлан Кошконбаев, Олимпиада боюнча Тагайбек Орузбаев, спорттук жана маданий иш-чаралар боюнча Тимур Поддубный, Тарбиялык иштер боюнча Рыспаев Бакберди шайланды.
Ошондой эле 1-курстун студенти Орузбаев Тагайбектин жетекчилиги менен эки перспективдүү долбоордун үстүндө иштер башталды:
1. Казак-Герман университетинин логисттери менен биргеликте "Virtual Logistics Almaty/Bishkek".
2. «Бишкек шаарындагы тыгындарды чечүү».