Стамбулда өткөн эл аралык TÜBA семинары
Магистрант Айгерим Акматова Стамбулда өткөн эл аралык TÜBA семинарына катышты.
TÜBA президенти профессор доктор Музаффер Шекер семинарды ачып, үй-бүлөлүк бизнестин эволюциясын изилдөөнүн маанилүүлүгүн жана туруктуу өнүгүү үчүн илим, өкмөт жана жеке сектордун кызматташуусунун зарылдыгын белгиледи. Иш-чарада Түркиянын эң ири үй-бүлөлүк бизнесинин өкүлдөрү — Yıldız Holding, Sinpaş GYO, Eksim Holding, Kale Group жана Hayat Holding — сөз сүйлөштү. Алар туруктуу өнүгүү стратегияларын, жашыл стандарттарды, ESG мамилелерин, инновацияларды жана корпоративдик баалуулуктарды муундан муунга өткөрүп берүүнү ишке ашыруу тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Айгерим Акматова "Борбордук Азиядагы үй-бүлөлүк бизнес: Башкаруу, туруктуулук жана муундар аралык трансформация" деген темада баяндама жасап, аймактагы үй-бүлөлүк бизнестин өнүгүшүн жана алардын заманбап кыйынчылыктарга ыңгайлашуусун баса белгиледи. Айгеримдин катышуусу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоого маанилүү салым кошту жана кыргыз жаштарынын эл аралык илимий демилгелердеги активдүү ролун көрсөттү.

