Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Ачык сабак, 2023 жылдын 22-ноябры


2023-жылдын 22-ноябрында Эл аралык  Жогорку Логистика  Мектебинде  э.и.к.доцент Ниязалиева К.Н., улук окутуучу  Сабырова А.О. «Логистика процесстеринин экономикасы» сабагы боюнча ачык сабак өттү.

        Ачык сабактын негизги максаты Экономиканы изилдөө, ошондой эле студенттерди Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык абалына методдорду колдонуу боюнча иштелип чыккан идеяларды өнүктүрүү болуп саналат.

        Ачык сабакка ошондой эле ЭЛЖМ дин директору А.С.Уметалиев, 1-курстун студенттери жана академ. кенешчиси   Э.К.Сокубашева,  улук окутуучу Асаналиева Э.У., улук окутуучу Индигараев М.Т. катышышты.

        2-курстун ЭЛЖМдин  студенттери 3 командага бөлүнүп, бардык командалар орус,  англис жана кыргыз тилдеринде презентацияларды көргөзүштү, баяндамалардан кийин экономика боюнча дебаттар жана кроссворддор болду. 

        Улук окутуучунун  Сабырова А.О.  жардамы менен Ачык сабак этап-этабы менен курулуп, иш так уюштурулган. Бардык студенттер практикалык иштерге тартылды, жумуш орундары уюштурулду.

        Ар бир студент  сабакта өзүнүн ролун түшүндү. Балдар топтук иштерди  өз алдынча эн жакшы денгээлде иштей алышты.

        Сабак эмоционалдуу жана методикалык жактан туура түзүлдү. Материал түшүнүктүү, элестүү жана жеткиликтүү берилген. Окуучулар активдүү иштешип, жакшы билимдерин көрсөтүштү.

        Сабак жакшы ойлонулуп, алдыга коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган, Ачык сабак жогорку деңгээлде өттү.