Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кулубекова Нуржамал Алиевна


Кулубекова Нуржамал Алиевна
Улук окутуучу

 КМТУда (ФПИ) 1978-жылдан бери иштейт.

Мичуринск мамлекеттик педагогикалык институтунда (Россия) орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Адистиги мектептерде Орус тили жана адабияты мугалими.

1981-1982 –жылдары  Патрис Лумумбы (Москва) эл достугу атындагы университетте орус тили жана аны окутуу методикасы бөлүмүндө стажер-окутуучу болуп иштеген.

1986-жылы Пушкин атындагы орус тили институтунда (Москва) билим деңгээлин  жогорулатуу квалификациясынан өткөн.

1986-1988-жылдары  Кабул политехникалык институтунда (Ооганстан), орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

Н.А. Кулубекова эң жогорку квалификациялуу окутуучу. Ал студенттердин эстетикалык тарбия алуусуна чоң көңүл бурат. Көп жылдан бери КМТУда студенттер үчүн музыкалык поэзия кечелерин уюштуруп турат. Өткөрүлгөн кечелер  басма макалаларда көрсөтүлгөн.

Кафедрада окуу тарбия иштерин жетектейт, ошондой эле орус тили сабагынан олимпиада боюнча жооптуу адам.

1987-жылы Кабул политехникалык институтунун  Ардак грамотасы менен сыйланган.

1988-жылы Ооганстан Республика медалы менен сыйланган;

2003-жылы илим, билим жана маданият министрлигинин  Ардак грамотасы менен сыйланган.

 

Илимий метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:

ORCID: https://orcid.org/  0000-0002-6075-6454


Приёмная: 56-13-02

Телефон: +996 707 081 066

Кабинет: 2/417

e-mail: nkulubekova@kstu.kg

Гр.работы: Дүйшөнбү - жума (сабактардын жүгүртмөсү боюнча)