Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылык


Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык Улуттук Университетинин студенттери 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестрине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча И.Раззаков атындагы КМТУга келишти. 700600 «Стандартташтыруу жана сертификация» (Азык-тулук продукциясын стандартташтыруу жана сертификациялоо) багыты боюнча «Консервалоо технологиясы» кафедрасынын ССП(б)-1-21 тайпасына студенттер кабыл алынды.

 Студенттерге ийгиликтерди каалайбыз!

Ректордун стипендиясын тапшыруу аземи

26-декабрда окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн студенттерге ректордун стипендиясын тапшыруу аземи болуп өттү. Алардын катарында «Консервалоо технологиясы» кафедрасынын ТК(б)-1-20 тайпасынын студенти Сатыбалдиева Бегимай Бектурсуновна бар.

Куттуктайбыз жана жаны ийгиликтерди каалайбыз!

Президенттик стипендияга ээ болгон студенттерибизди куттуктайбыз!

2023-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын 75 мыкты студентине президенттик стипендияны тапшырды. Алардын арасында И. Раззаков атындагы КМТУнун 8 студенти бар. Алардын бири ССП(б)-1-20 тайпасынын "Азык-тулук продукциясын стандартташтыруу жана сертификациялоо" багыты боюнча "Консервалоо технологиясы" кафедрасынын студенти Айбекова Аделия Айбековна.
Студенттерди куттуктап, ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!

Кыргызстанда 13-марттан 16-мартка чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан уюштурулган өлкөнүн жашылча-жемиш тармагы үчүн тамак-аш коопсуздугу боюнча адистерди даярдоо боюнча эл аралык тренинг өтүүдө. Ага "Консервалоо технологиясы" кафедрасынын башчысы, к. т. н. Коджегулова Д. А. Окутуу ФАОнун "Кыргыз Республикасынын багбанчылык тармагында тамак-аш коопсуздугун башкаруу потенциалын жогорулатуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө, ал Стандарттарды жана сооданы өнүктүрүү фонду (STDF) тарабынан каржыланат жана өлкөнүн багбанчылык тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган.