Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Саякбаева Айгүл Бапаевна


Саякбаева Айгүл Бапаевна
Улук окутуучу

Билими:

1985-1990-жылдары – СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультети, филолог (кыргыз тили жана адабияты адистиги)

Эмгек жолу:

1990- ж.Тоң районундагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин мугалими;

1990-1998ж.ж. Тоң районундагы Көк-Сай орто мектебинин мугалими;

1998-2000 ж.ж. И.Раззаков атындагы КТУнун Кыргыз тили кафедрасынын окуу мастери

2000-2007ж. ж.КМТУнун Кыргыз жана орус тилдери кафедрасынын окутуучусу;

2007-2008ж.ж И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз жана орус тилдери кафедрасынын улук окутуучусу;

2008-жылдан азыркы учурга чейин  И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу

Илимий-изилдөө жана усулдук эмгектери:

16 илимий макалалары жарык көргөн, ЖОЖдун улантуучу топторуна арналган авторлош 14 окуу куралы жана 4 усулдук көрсөтмөсү чыккан.  9 окуу куралы Билим берүү министрлигинин грифи менен чыккан.

Алган сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 2022-жыл;

2021-жылы  КРнын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган

2021-ж. Мыкты электрондук окуу-усулдук комплекси б-ча кароо-конкурсунун II турунун финалисти.

2019-жылы Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгынын алкагында уюштурулган «Эне тилим-эстелигим урабас» аттуу көркөм окуу сынагын жигердүү өткөргөндүгү үчүн Алкыш баракчасы менен сыйланган.

2016-жылы И.Раззаков атындагы КМТУнун Ардак грамотасы

2011-жылы 53-студенттердин илимий иштери боюнча Алкыш

2010-жылы “Кыргыз тилинин практикалык курсу” сабагы боюнча ОУК үчүн 3-даражадагы диплом

2006-жылы И.Раззаков атындагы КМТУнун Ардак грамотасы

Илимий метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:

1.ORCID:https://orcid.org/0000-0001-5942-1932

2. Scopus Author ID: Айгул Саякбаева

3. Google Scholar: Айгул Саякбаева

4. Web of Science Researcher ID: ХНТ-0180-2023

5. . РИНЦ Author ID: SPIN-код: 5867-2686