Исмаилова Даражан Намазовна
ф.и.к., доцент
Нарын облусунун Нарын районунун Жерге-Тал айылында 1972-жылдын 2- декабрында туулган
Билими: 1989-1990-ж. Куланактагы № 86 кесиптик окуу жайы;
1992-1996-жылы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультети;
Илимий наамы: 2015-жылы филология илимдеринин кандидаты (шифр:10.02.01)
Иш тажрыйбасы
1996-1997-ж.ж. Ысык-Көл облустук Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими;
1997-2000 –ж.ж. Ысык-Көл областындагы Х.Карасаев атындагы Кыргыз-Түрк лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими;
2000-2003-ж.ж. Ысык-Көл кооперативдик техникумунда кыргыз тили мугалими;
2003-2004-ж.ж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасында окутуучу;
2004-2005-ж.ж. филология факультетинин окуудан сырткары тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары;
2005-2007-ж.ж. Мамлекеттик тил жана методика кафедрасында окутуучу;
2007-2009-ж.ж. Кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучусу;
2009-2014-ж. Кыргыз тил илими кафедрасынын улук окутуучусу;
2014-2018-ж.ж. Кыргыз тил илими кафедрасынын доценти;
2018-2022-ж. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти.
Илимий ишмердиги:
Бул жылдар аралыгында 12 илимий макала, 1 монография, 4 усулдук колдонмо, “Кыргыз тилиндеги антонимдердин урунттуу маселелери” аттуу окуу куралы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен басылып чыгарылган (2020-ж.).
Алган сыйлыктары:
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы (2019-ж.);
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2019-ж.);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы (2018-ж.);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы (2016-ж.);
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 70 жылдыгына карата Ардак грамотасы (2010-ж.);
К.Тыныстанов атындагы Ысык –Көл мамлекеттик университетинин “2010-жылдын” Мыкты куратору” (2010-ж.);
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Мактоо баракчасы (2009-ж.);
Илимий метрикалык маалымат базаларындагы профилдер:
1.ORCID:https://orcid.org/0009-0003-9353-9979
2.Web of Science Reseacher ID: KPB-3556-2024
3.Scopus Author ID: Исмаилова Даражан
4.РИНЦ Author ID: Ismailova Darajan
5.Google Scholar: Исмаилова Даражан