Атантаев Истанбек Акматович

Экономика илимдеринин доктору, профессор

Илимий даражалар жана наамдар:

  1. 1980-ж. Москва башкаруу институтунда диссертациясын мөөнөтүнөн мурда жактап, экономика илимдеринин кандидаты болгон.
  2. 1986-ж. СССР ЖАК тарабынан доцент илимий наамы бекитилген.
  3. 2001-ж. КР ЖАК тарабынан профессор илимий наамы ыйгарылган.
  4. 2008-ж. экономика илимдеринин доктору илимий даражасын жактап, КР ЖАК тарабынан бекитилген.

Кесиптик ишмердүүлүгү:

  • 1974–1977 – окутуучу, Фрунзе политехникалык институту, Фрунзе ш.
  • 1977–1980 – аспирант, Москва башкаруу институту, Москва ш.
  • 1981–1988 – “Курулушту уюштуруу” кафедрасынын башчысы, Фрунзе политехникалык институту.
  • 1989–1992 – “Экономика жана башкаруу” кафедрасынын доценти, Фрунзе политехникалык институту.
  • 1992–1997 – “Менеджмент” кафедрасынын башчысы, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана транспорт университети.
  • 1997–1998 – Экономикалык саясат жана менчиктештирүү башкармалыгынын начальниги, Транспорт жана байланыш министрлиги.
  • 1998–2006 – Финансылык-чарбалык иштер боюнча проректор, Жусуп Баласагын атындагы КУУ.
  • 2007-жылдан бери – “Менеджмент” кафедрасынын профессору, И.Раззаков атындагы КМТУ, “Манас” КТУ; докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештин окумуштуу катчысы.
  • 2008-жылдын декабрынан – финансылык-чарбалык иштер боюнча проректор, Жусуп Баласагын атындагы КУУ.
  • 2011–2015 – гранттар жана инвестициялар боюнча проректор.
  • 2013-ж. – И.Раззаков атындагы КМТУга финансылык-экономикалык иштер боюнча проректор болуп өткөн.
  • 2015-жылдын июнунан – Башкаруу жана бизнес институтунун директору, андан соң Инженердик-экономикалык факультеттин деканы.
  • 2016-жылдын 1-сентябрынан – “Менеджмент” кафедрасынын профессору.
  • Эл аралык илимий конгресстердин, симпозиумдардын, конференциялардын катышуучусу жана уюштуруу комитетинин мүчөсү.
  • Аспиранттардын жана докторанттардын илимий жетекчиси. Анын жетекчилиги алдында эки кандидаттык жана эки докторлук диссертациялар жакталган.
  • КМТУнун илимий кеңешинин, факультеттик жана институттук кеңештеринин мүчөсү, КМТУнун каржылык комитетинин жана ДААД стипендиаттар коомунун мүчөсү (ревкомдун мурдагы төрагасы).
  • 2018–2020 – КР ЖАК эксперттик жана аппеляциялык комиссияларынын мүчөсү.
  • 2020–2021 – КР УИА алдындагы диссертациялык кеңештин мүчөсү.
  • Азыркы учурда – КР Президентинин алдындагы ЖАК эксперттик комиссиясынын мүчөсү, эл аралык эксперт.

Билими:

  1. 1968–1973 – Фрунзе политехникалык институту, адистиги “Курулуштун экономикасы жана уюштурулушу”, “Инженер-экономист” квалификациясы.
  2. 1977–1980 – Москва башкаруу институту, адистиги “Эл чарбасын башкаруу экономикасы жана уюштурулушу”, экономика илимдеринин кандидаты.
  3. 2004 – КР ЖАК тарабынан профессор илимий наамы бекитилген.
  4. 2008 – экономика илимдеринин доктору даражасын жактаган, тема: «Рынок шартында ишканалардын иштешинин көйгөйлөрү».

Публикациялар:

  • 101 илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору, анын ичинде:
  • 3 монография, 2 илимий брошюра, 1 окуу китеби, 6 окуу колдонмосу (алардын 4 – кыргыз тилинде).
  • 10 илимий макала Германияда немис тилинде, 2 макала SCOPUS базасында жарыяланган.

Сыйлыктары: “Эл агартуунун отличниги”, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Жогорку Кеңешинин жана КР бир катар ЖОЖдорунун грамоталары, дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланган. Спорт жана поэзияга кызыгат. “Мезгил шоокуму” жана “Жашоо кошу, өмүр кушу” аттуу эки ыр жыйнагынын автору.

Окуткан дисциплиналары: Стратегиялык менеджмент, Стратегиялык анализ, Өндүрүш системасын башкаруу.

Илимий-метриялык маалымат базаларындагы профилдер:

  1. ORCID: https://orcid.org/0000-0002-5205-2019
  2. Scopus Author ID:
  3. ResearcherID (Web of Science): HNS-1867-2023
  4. РИНЦ AuthorID: Istanbek Atantaev
  5. Google Scholar: Istanbek Atantaev

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар