Кафедранын долбоорлору
TECNO - ноутбугу
2024-жылдын 30-декабрында К. Раззаков атындагы КГТУнун алдындагы Технопаркта жасалган Tecno ноутбуктарын сатууга багытталган «Бизнес башкаруу» окуу-өндүрүштүк борборунун (ВШЭиБнин «Менеджмент» кафедрасынын базасында) ачылышы уюштурулду.
«Бизнес башкаруу» окуу-өндүрүштүк борборунун ачылышы кызыл тасманы кесүү аземи жана студенттик стартаптын келечектеги өнүгүү перспективалары тууралуу шыктандыруучу сөздөр менен коштолуп, КГТУнун ректору Чыныбаев М.К. жана ВШЭиБнин директору Сыдыкова Ч.К. тарабынан расмий түрдө ачылды. Ректор катышкан студенттерге жана ВШЭиБнин «Менеджмент» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамына бул багытта ийгиликтерди жана бизнес адистерин практикалык даярдоодо коюлган максаттарга жетишүүнү каалады.
Андан соң КГТУнун Эл аралык жогорку логистика мектебинин директору, профессор Уметалиев А.С. сөз сүйлөп, бул студенттик стартаптын ишмердүүлүгүнүн гүлдөп-өнүгүшүн, бизнес-планды туура түзүү, даяр продукцияны атаандаштык рынокто илгерилетүү жана сатуу жөндөмдөрүн каалады. Бүгүн Акылбек Сапарбекович биринчи сатып алуучу болуп, ноутбук сатып алуу менен бул уникалдуу жана бардык тармактар үчүн, айрыкча билим берүү кызматкерлери жана студенттер үчүн зарыл болгон продукцияны сатууга жол ачты.
Азыртадан эле профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрү жана магистранттар арасында алдын ала төлөмсүз, бөлүп төлөө жолу менен сатып алууга каалоочулар бар. «Бизнес башкаруу» окуу-өндүрүштүк борборунун ачылышы санариптик технологиялар шартында баардык каалоочуларды биздин техникалык жана инженердик адистер, ошондой эле студенттер тарабынан эң жогорку деңгээлде жасалган продукция менен камсыздоого жана бул техниканы ишке ашыруу менен сатууда жаңы деңгээлди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз.
Өз келечек бизнесин жаратып жаткан студенттерибизге ийгиликтерди каалайбыз!
DAAD менен кызматашуу
DAAD (Германиялык академиялык алмашуу кызматы) — чет өлкөлүк студенттерге, магистранттарга, докторанттарга жана адистерге Германиянын мамлекеттик жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн стипендияларды сунуштаган немис уюму. Бул уюм элдерди илим жана билим аркылуу байланыштырат.
Азыркы учурда DAAD студенттердин жана окумуштуулардын эл аралык академиялык алмашуусу боюнча лидер болуп саналат. Уюм 240 немис жогорку окуу жайын жана 131 студенттик уюмду камтып, тышкы маданий саясатта ортомчу катары иш алып барат жана Германиянын илим-билим саясатына олуттуу салым кошот.
«Менеджмент» кафедрасы бул уюм менен 1992-жылдан бери үзгүлтүксүз кызматташып келет. Кафедранын профессору Атантаев И.А. (ГДР мезгилинде конкурстан өтүп, бир жылдык илимий стажировкадан өткөн) DAADнын колдоосу менен Брауншвайг шаарында илимий стажировкада болуп, ошол учурда «Курулуш уюмдарынын экономикасы (КУЭ)» институту менен узак мөөнөттүү кызматташуу келишимин түзгөн.
Бул келишимдин алкагында төмөнкү багыттар боюнча макулдашууларга жетишилген:
- билим берүү жана илим тармагындагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү;
- адистерди даярдоону өркүндөтүү;
- биргелешкен конференцияларды жана семинарларды өткөрүү;
- илимий макалаларды жана окуу-методикалык адабияттарды жарыялоо;
- студенттердин практикасын биргелешип уюштуруу.
Жыйынтыгында кафедранын он илимий макаласы Германияда немис тилинде жарык көргөн. Кафедра менен КУЭ институтунун биргелешкен семинарлары жана конференциялары өткөрүлгөн. Ошондой эле КУЭнин окутуучулары жана студенттери Кыргыз Республикасына келип, ФПИнин илимий жана билим берүү системасы менен таанышышкан.
Учурда кафедрада DAADнын ишмердүүлүгүнө арналган семинарлар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Жыл сайын кафедранын DAAD стипендиаттары жана активдүү окутуучулары DAAD тарабынан уюштурулган эл аралык илимий конференцияларга активдүү катышып келишет.
Кафедра мындан аркы DAAD менен кызматташууну приоритеттүү багыт катары эсептейт.

