Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Илим-изилдөө иштери


“Менеджмент” кафедрасынын илимий – изилдөө иши,  кафедранын ушул ишке байланышкан планына жараша “Рынок мамилеринин шартында уюмдарды, ишканаларды башкаруудагы көйгөйлөр” темасынын жана кафедранын 2025 жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлөт. Жалпы тема бир нече багыттардан турат жана алар кафедранын профессорлору, доктору, кандидаттары тарабынан жетектелет.

          Кафедрада аспирантура бар. Учурда эки аспирант сырттан жана бир аспирант күндүзгү бөлүмдөрдө окушат. Эки аспиранттын жетекчиси э.и.д., профессор Атантаев И.А.

          Кафедрада докторлук даражага изденүүчүлөрдүн саны экөө (профессор Иманкулова Э.Т. жана доцент Канаева И.Б.). Кафедранын төрт мугалими (Кудабаева Н.К., Изакова Р.А.,Сталбекова А.С.) кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатышат.

          Кафедранын мугалимдери эл арадык илимий конференциялардын, тегерек  столдордун, семинарлардын активдүү катышуучулары. Айтсак: бир эле 2018-2019 окуу жылындагы жарык көргөн макалалардын (РИНЦ) саны 29. Алардын ичинен 10 илимий макалалар чет өлкөлөрдүн басмаканаларынан жарыкка чыккан. Ушул эле жылдын ичинде 46 сертификат жана адистикти жогорулатуу жана кайра даярдоодон өттү деген 10 күбөлүк алынган.

          Илимий практикалык кызматташуунун алкагында кафедра чет өлкөлөрдүн ЖОЖдору менен келишимдери бар:

  • Д.Ф. Устинов атындагы (Санкт-Петербург) “Военмах”  Балтиялык мамлекеттик техникалык университети
  • Самаралык мамлекеттик техникалык университет (РФ, Самара ш.)
  • Алтайлык мамлекеттик университет (РФ, Барнаул ш.)
  • Хабаровкалык экономика жана уку мамлекеттик университет (РФ, Хабаровск ш.)

Кафедранын демилгеси менен акыркы үч жыл ичинде аралыктан көрсөтүү форматында эл аралык илимий конференциялар орус жана англис тилдеринде өткөрүлүүдө. Конференцияга  Кыргыз мамлекеттик техникалык  университети,  Хабаровкалык экономика жана укук мамлекеттик университети (Россия), жашоонун негизин түзгөн (прикладные) илимдерди изилдөөчү Нидеррайна (ФРГ).

     2019-жылы ушундай эле форматта Самаралык мамлекеттик техникалык университети менен эл аралык илимий-практикалык  конференция өткөрүлдү.

     Кафедра эл  аралык жаш окумуштууларга, аспиранттарга, магистранттарга, студенттерге арналган илимий конференцияларды уюштурууда жана аларды өткөрүүдө өз салымын дайым кошуп келет. Маселен, 2019-жылы биринчи турга 43 доклад сунушталып, алардын үчөө сыйлыктарга татыктуу болушту.

     Кафедранын профессорлор-мугалимдер жамаатынын илимий-иштери, жогорууда көрсөтүлгөн пландуу теманын алкагында жүргүзүлөт. Кафедранын пландуу темасы КМТУнун жалпы илимий-иштеринин багытына шайкеш келет.

     “Менеджмент” кафедрасында багытында жыл сайын аспирантурага бюджеттик жана контракт боюнча орундарга талапкерлер тандалып алынат.

Менеджмент” кафедрасынын илим-изилдөө жана заманбап иш-аракеттери “КР нын рынок шартында уюмдарды башкаруунун көйгөйлөрү” деген багыттын алкагында, кафедранын илим-изилдөө иштеринин пландарына ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле мезгилде бул иштер, кафедранын 2020 жылына чейин өнүгүсүүн камтыган долбоордун негизинде ишке ашырылат. Кафедранын илим- изилдөө иштеринин планы ИЭФ жана КМТУ нун жалпы багыттарына шайкеш келет.

Үстүбүздөгү жылдын 17 ноябырында “ШОС мейкиндигин илимде, билим алууда жана маданиятта өнөктөштүктү өнүктүрүүчү борбор катары” караган темада “Менеджмент” кафедрасы уюштурган  аралыктан көрүп,пикир алмашкан КМТУнун, ИЭФ факультетинин форматында илимий- практикалык конференция өткөрүлдү. Бул иш-чара орус жана англис тилинде өттү. Конференциянын катышуучулары үч өнөктөштүк университеттердин өкүлдөрү болушту.Алар: И.Раззаков атындагы     Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Универсситети (Кыргызстан), Хабаровский  Мамлекеттик экономика жана укук университети жана Ниддерайн изилдөөлөр университети.

Конференциянын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу Мырзабаев Кадырбек Соорбекович И.Раззаков атындагы КМТУнун илимий иштеринин проректору Султаналиева Рая Мамакеевна, ХГУЭПтин 1чи проректору Ирина Борисовна Миронова, Ниддерайн табигый изилдөөлөр университеттин профессору Мартин Венк куттукташты.

Алып баруучунун (модератор) милдетин “Менеджмент” кафедрасынын профессору э.и.к. К.Орозбаев аткарды.