Жаңылыктар
Global Money Week 2026 алкагында студенттер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрүлдү
Global Money Week 2026 алкагында Аманат Кредит компаниясы студенттер үчүн каржылык сабаттуулук боюнча конок лекциясын уюштурду.
Иш-чара 2026-жылдын 2-апрелинде өтүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өткөрүлүп жаткан глобалдык кампаниянын бир бөлүгү болду. Анын негизги максаты — жаштардын финансылык билим деңгээлин жогорулатуу жана акчаны туура башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Лекцияны каржылык сабаттуулук боюнча сертификатталган мастер-тренер өткөрүп, студенттерге бюджет түзүү, акчаны үнөмдөө, туура насыя алуу жана финансылык тобокелдиктерден сактануу боюнча пайдалуу кеңештерди берди. Катышуучулар реалдуу мисалдардын негизинде өздөрүнө керектүү билим алышты.
Иш-чаранын алкагында студенттер үчүн «Каржылык сабаттуулук» темасында мыкты постко сынак жарыяланды. Бул сынак жаштардын активдүүлүгүн арттырып, темага болгон кызыгуусун күчөттү. Жеңүүчүлөргө компания тарабынан даярдалган корпоративдик белектер тапшырылды.
Иш-чара Байтороев Данияр тарабынан демилгеленип, Кыргызстандын микрофинансылык уюмдар ассоциациясы колдоосу менен уюштурулду. Ал мындай иш-чаралар жаштардын финансылык маданиятын калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Мындай демилгелер студенттерге келечекте туура финансылык чечимдерди кабыл алууга жардам берип, коомдо каржылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошот.
«Аманат Кредит» компаниясы алдыда дагы ушул сыяктуу билим берүүчү иш-чараларды улантууну пландаштырууда.
Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара
Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара
И. Раззаков атындагы КМТУнун "Экономикалык коопсуздук жана маркетинг" (ЭБЖМ) кафедрасы мамлекеттик тилди өнүктүрүү иш-планына ылайык, декабрь айынын аягында улуу акын С. Жусуевдин 100 жылдыгына арналган иш-чара өткөрдү.
Тил борборунун жетекчиси менен биргеликте уюштурулган бул иш-чарада С. Жусуевдин чыгармачылыгы боюнча видео баяндама, поэзияларынан көркөм окуу жана обондуу ырларынан аткаруу сыяктуу сынактар өттү.
Сынактын жыйынтыгында ЭБЖМ кафедрасынын студенттери жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, төмөнкү орундарга ээ болушту:
- Ыр аткаруу боюнча – 1-орун
- Поэзияларды көркөм окуу боюнча – 2-орун
- Видео ролик боюнча – 3-орун
Бул иш-чара акындын мурасын даңазалоо менен бирге, жаш муундардын кыргыз тилине жана адабиятына болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошту.
«Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасынын студенттери «Бакай Банк» ААКнын кейс-чемпионатында биринчи орунду ээледи
5-декабрда «Бакай Банк» ААК менен кызматташуунун жыйынтыктоочу этабы болуп өттү, анын алкагында И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери арасында кейс-чемпионат уюштурулду. Банк төрт практикага багытталган кейсти сунуштады: маалыматтык системалар жана технологиялар (2 кейс), HR-менеджмент (1 кейс) жана маркетинг (1 кейс) багыттары боюнча.
Катышуу үчүн факультеттерден командалар түзүлгөн:
- «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» (ЭКМ) кафедрасы – 1 команда,
- «Менеджмент» кафедрасы – 1 команда,
- «ИСЭ» кафедрасы – 2 команда.
Командалар «Бакай Банк» тарабынан берилген реалдуу маселелерди чечүү үстүндө иштешип, өз жыйынтыктарын банктын эксперттик калыстар тобунун алдында коргошту.
Мелдештин жыйынтыгында «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасынын командасы биринчи орунду ээледи, алар жогорку даярдыгын, чыгармачылыгын жана теориялык билимдерин реалдуу бизнес шарттарында колдоно билүү жөндөмүн көрсөтүштү. Эксперттер катышуучулардын терең талдоосун, инновациялык ыкмасын жана кесипкөйлүгүн белгилешти.
ЭКМ кафедрасынын башчысы М.О. Өмүрбекова мындай иш-чаралар студенттердин компетенцияларын өнүктүрүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Кафедра «Бакай Банк» ААКга берилген мүмкүнчүлүк үчүн, ошондой эле студенттерге демилгечилдиги, жоопкерчилиги жана кесиптик өсүүгө умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирет.
Россиянын экономикалык коопсуздугуна болгон коркунучтарга каршы аракеттенүү стратегиялары" темасындагы экономикалык коопсуздук боюнча форум
"Россиянын экономикалык коопсуздугуна болгон коркунучтарга каршы аракеттенүү стратегиялары" темасындагы экономикалык коопсуздук боюнча форум
Форумга И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Экономикалык коопсуздук жана маркетинг" кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент катышты.
КМТУ студенттери Каржы коопсуздугу боюнча Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту
2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин Россия Федерациясынын Красноярск шаарында Каржы коопсуздугу боюнча V Эл аралык олимпиада болуп өттү. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 480 студент катышты.
Кыргызстанды И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин үч студенти катышып, «Экономикалык коопсуздук» жана «Маалыматтык коопсуздук» номинацияларында күч сынашты.
Олимпиаданын жыйынтыгында КМТУ студенттери жогорку натыйжаларды көрсөтө алышты:
Семенова Алиса «Экономикалык коопсуздук» номинациясында II орунду ээледи;
Кошевой Дмитрий «Маалыматтык коопсуздук» номинациясында II орунду камсыз кылды.
Команданын жетекчиси — КМТУнун «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасынын башчысы, Марина Олеговна Омурбекова болду.
Политехтин студенттеринин бул ийгиликтери университеттин эл аралык аброюн жогорулатууга салым кошуп, экономикалык жана маалыматтык коопсуздук тармагында жогорку деңгээлдеги адистер даярдалып жатканын тастыктады.

