Кафедранын коомдук турмушу

Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара

Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара

И. Раззаков атындагы КМТУнун "Экономикалык коопсуздук жана маркетинг" (ЭБЖМ) кафедрасы мамлекеттик тилди өнүктүрүү иш-планына ылайык, декабрь айынын аягында улуу акын Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган иш-чара өткөрдү.

Тил борборунун жетекчиси менен биргеликте уюштурулган бул иш-чарада С. Жусуевдин чыгармачылыгы боюнча видео баяндама, поэзияларынан көркөм окуу жана обондуу ырларынан аткаруу сыяктуу сынактар өттү.

Сынактын жыйынтыгында ЭБЖМ кафедрасынын студенттери жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, төмөнкү орундарга ээ болушту:

  • Ыр аткаруу боюнча – 1-орун Тологонов Темирлан ЭБ(с)-1-22
  • Поэзияларды көркөм окуу боюнча – 2-орун Тологонов Темирлан ЭБ(с)-1-22
  • Видео ролик боюнча – 3-орун М(б) -1-24 тобу

Бул иш-чара акындын мурасын даңазалоо менен бирге, жаш муундардын кыргыз тилине жана адабиятына болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошту.

"Экономикалык коопсуздук жана маркетинг" кафедрасынын куратордук саат отчеты

СТУДЕНТТИН УНИВЕРСИТЕТТЕ ЖҮРҮМ-ТУРУМ ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА УНИВЕРСИТЕТТИН МҮЛКҮНӨ АЯР МАМИЛЕ ЖАСОО

Тарбия иштери боюнча отчеттор

Кураторлордун ата-энелер менен иштөө иши

Мыкты студенттер (отличниктер, спортчулар, таланттуулар)

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар