И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Эл аралык жогорку логистика мектебинин базасында X Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция
2026-жылдын 17-апрелинде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Эл аралык жогорку логистика мектебинин базасында X Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү:
«Кыргызстан Борбордук Азиядагы логистикалык хаб катары: чакырыктар, инновациялар жана өнүгүү перспективалары»
Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү, транзиттик потенциалын жогорулатуу, санариптик технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүү, ошондой эле аймактык жана эл аралык транспорттук-логистикалык системаларга интеграциялоо маселелери талкууланды.
Иш-чарага студенттер, магистранттар, жаш изилдөөчүлөр жана окутуучулар катышып, өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунушташты. Талкуулар пленардык жыйын жана тематикалык секциялар форматында өттү.
Конференцияны И. Раззаков атындагы КМТУнун илимий иштер боюнча проректору Элеманова Римма Шукуровна ачты.
🇷🇺 Россия тараптан Охотников Илья Викторович сөз сүйлөдү.
🇰🇬 Чалгимбаев Салиджан Кожахметович — «Ала-Тоо Power» ЖЧКсынын башкы директору — «Кыргызстан Борбордук Азиядагы логистикалык хаб» темасында баяндама жасап, конференциянын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.
Эл аралык жогорку логистика мектебинин илим боюнча директорунун орун басары Орозонова А.А. сөз сүйлөп, бул конференция 10 жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан салтка айланганын белгиледи
Конференция билим жана тажрыйба алмашууга, студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана академиялык кызматташтыкты чыңдоого маанилүү аянтча болду.















