Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Миң жылдан кийин кайра жаралган кыргыз мамлекети


Бишкекте “1000 жылдан кийин кайра жаралган кыргыз мамлекетине 100 жыл” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференция Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына жана И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 70 жылдык мааракесине арналган.

Конференция Гуманитардык жана коомдук илимдер кафедрасы жана Экономика жана Бизнес жогорку мектеби тарабынан уюштурулду.

“Конференциянын максаты: 1000 жылдан кийин кайра калыбына келген кыргыз мамлекетинин 100 жылдык тарыхына сарасеп салуу, жаштардын патриоттуулугун көтөрүүдө улуттук аң сезимдин өсүшүнө өбөлгө болгон мамлекеттүүлүктүн негизи болгон ККАОну укуктук жана саясий ченемдердин алкагында изилдеп, ааламдашуу контекстинде дүйнөнүн социалдык-саясий жана экономикалык өзгөрүүсүндөгү эгемендүү кыргыз мамлекетинин ордун белгилөө”, — деп айтты уюштууручу, профессор Аалыбек Акунов.

Конференцияда президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, тарыхчылар Зайнидин Курманов, Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер Аалы Карашев жана башкалар баяндамаларды жасашты. 

Кыргыз улутунун байыркы жана орто кылымдагы мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый баскычтары тууралуу профессор, түрколог Тынчтык Чоротегин онлайн түрүндө айтып берди.