И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Чжэцзян суу ресурстары жана гидроэнергетика университети (ZJWEU, Кытай) менен биргелешкен "2+2" билим берүү программасы

2025-жылдын 25-сентябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Чжэцзян суу ресурстары жана гидроэнергетика университети (ZJWEU, Кытай) менен биргелешкен "2+2" билим берүү программасынын ачылыш аземи өттү.

Программа КМТУда эки жыл, андан кийинки эки жыл Кытайдагы университетте окууну камтыйт. Окууну аяктагандан кийин студенттер эки университеттен тең диплом алышат, бул академиялык мобилдүүлүк жана ийгиликтүү эл аралык карьера үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Аземге ZJWEU өкүлдөрү, окутуучулары жана студенттери катышты. Куттуктоо сөздөрүн И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев, Чжэцзян университетинин проректору Сюй Сюдун жана Экономика жана башкаруу факультетинин деканы Ван Синлян айтышты. Алар өз сөздөрүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык академиялык кызматташтыктын жана маданий алмашуунун маанисин баса белгилешти.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар