Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Президент Садыр Жапаров мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.


Президент Садыр Жапаров мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.12-сентябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында күндүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, курулуш жана башка тармактардын өкүлдөрү татыктуу болушту.Алардын катарын Эл Аралык Жогорку Логистика мектебинин директору Уметалиев Акылбек Сапарбекович да толуктады. Ал бул мамлекеттик сыйлыкка Логистика тармагындагы көп жылдык ак эмгеги жана Логистика Жогорку Мектебине ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон чоң салымдары үчүн татыктуу болду.Сиз бул наамга татыктуусуз. Окуткан окуучуларыңыз жөн жерден дүйнөнү багындырбаган чыгар. Анткени алардын билим сапарынын уланышына дем –күч, шык берип, билим чыйырын салып келе жатасыз. Ал эми докторантардын логистикалык кесипке болгон сүйүүсүнө шыктандырып, асыл баалуулуктарга эгедер кылып келүүдөсүз.Ак эмгектен баар тапкан жогорку сыйлыгыңыз куттуу болсун, ден соолукта болуп , элиңиз үчүн, билим тармагы үчүн дагы да талыкпай эмгектенип, Ала-Тоодой бийиктиктерди багындыра бериңиз демекчи сыймыктануу менен Эл Аралык Жогорку Логистика мектебинин жамааты.