Багыттар жана профилдер, программалар

     Азыркы мезгилде кафедрада 670300-Унаа процесстеринин технологиясы багыты боюнча төмөндөгүдөй профилдерде бакалавр жана магистрларды даярдоо ишке ашырууда:

     Унаа логистикасы

     Бул багыттагы бакалаврлардын ишмердүүлүгү унаадагы башкаруу системин өркүндөтүү ыкмаларын иштеп чыгуу жаатынта, ташууларды жакшыртуу иш чараларында, логистика принциптерин колдонуу менен унаа процессин жакшыртууда иш алып бара алат, Унаа логистикалык системаларда башкаруу боюнча менежердик квалификациясын алуу менен адистер фирмалар менен компанияларда,унаалык бөлүктөрдө, унаанын территориялык жана муниципиалдык департаметтеринде, логистикалык борборлордо, долбоордук жана илимий изилдөө институттарында логист катарында иштей алышат

     Унаадагы бажы иши

     Бул багыттагы бакалаврлардын ишмердүүлүгүн КР Мамлекеттик бажы кызматында, кызматка тийиштүү бөлүмдөрдө, бажы брокер, бажыкана ташуучу катары, бажы терминалдарында, Унаа жана байланыш министрлигинин тийиштүү бөлүмдөрүндө, укук коргоо органдарында, бажы иши боюнча адис катары мамлекеттик жана мамлекеттик эмеси шканаларда иш алып бара алат.

     Жол кыймылын уюштуруу жана анын коопсуздугу

     Жол кыймылын уюштуруунун схемасын долбоорлоо автоунаа мекемелеринде кыймылдын коопсуздук кызматын уюштуруу айдоочулардын билимин жогорулатуу жана кесипке даярдоо ыкмалырын өркүндөтүү, жол-унаа кырсыктарын экспертизадан өткөрүү-бул адистердин ишмердүүлүгү болуп саналат.

          Билим берүү профили: "Суу транспортунда транспортту уюштуруу жана башкаруу"

          Мамлекекттик жыйынтыктоочу баалоодон ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөргө бакалавр даражасы берилет. Бүтүрүүчүлөр төмөнкүлөрдө иштешет: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинде; Кемечилик компанияларында жана дарыя ташуучуларында; Деңиз жана дарыя портторунда; Логистика жана жүк ташуу компанияларында; Мамлекеттик суу транспорту органдарында; Эл аралык жүк ташуу компанияларында; Круиздик жана жүргүнчүлөрдү ташуу компанияларында.

Билим берүү күндүзгү жана сырттан окутуу аркылуу ишке ашырылат: күндүзгү окутуу – 4 жыл, сырттан окутуу – 5 жыл

Техникумдун жана колледждердин базасында: күндүзгү окутуу – 3 жыл, сырттан окутуу – 4 жыл

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар