Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Директор Турусбекова Нурайым Курманбековна


Турусбекова Нурайым Курманбековна
И. Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин директору, т.и.к., доценти, КР Билим берүүнүн отличниги

     Турусбекова Нурайым Курманбековна, 1967-жылдын 11-январында Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1975-жылы Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы орто мектепке кирип, 1985-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Россиянын Иванов шаарындагы М.Фрунзе атындагы Текстиль институтуна тапшырып, 1990-жылы аяктаган. Үй-бүлөлүү. Эки баласы бар. Окутуучулук ишмердүүлүгү 25 жыл. Эмгек жолун 1990-жылы Фрунзе Политехникалык институтунун «Тигүү буюмдардын технологиясы жана конструкциялоо» кафедрасынан баштаган. Кесиптик чеберчилигинин артышына «Тигүүчүлүк өндүрүштөгү материалтаануу» лабораториясында окуу мастери, окутуучу, улук окутуучу, андан соң КМТУнун алдындагы аспирантурада билимин улантуу менен илимий ишин жактап, доцент кызматтарын аркалап олтуруп өсүп жетилди. Нурайым Турусбекова – окутуучулук кесипти жан дили менен сүйүп, өз ишине берилгендигин көрсөтө алды. Кафедрадагы алгачкы иш күндөрүнөн тартып Нурайым Турусбекова окуу-лабораториясынын базасын түзүү жана аны усулдук жактан колдоо менен «Тигүүчүлүк өндүрүшүндөгү материалтаануу», «Материалтаануу жана конфекциялоо», «Жеңил өнөр жайдагы метрология, стандартташтыруу жана сертификациялоо» сыяктуу сабактардын дагы алдыга жылышына өз көмөгүн көргөздү Азыркы тапта анын жетекчилиги астында Республикабызда текстиль иштетүү лабораториялары менен тыгыз алака түзүлүп «Тигүүчүлүк өндүрүшүндөгү материалтаануу» лабораториясы толугу менен жабдылып олтурат. Лаборатория эң керектүү делген материалдар жана стенддер менен камсыздалып, приборлор жана инструменттер орнотулуп, тигүүчүлүк ишиндеги ар дайым колдонулчу улам жаңы пайда болгон текстиль материалдары үзгүлтүксүз жеткирилип турат. Ал лабораторияда сабактын түрлөрү гана өтүлбөстөн илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп, студенттер гана эмес кызматкерлер жана кафедранын аспиранттары үчүн да чоң эмгек өтөп келүүдө.

Нурайым Турусбекова – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы «Чыгыш-Дүйнөсү» аталган текстиль жана жеңил өнөр жайы боюнча Илимий-Техникалык-Окуу Борборунун илимий жетекчи кызматкери катары да иш алпарып, илимий долбоорду жетектеди. Жаш муундарды тарбиялоодогу актуалдуу жана көйгөйлүү маселелер менен алпурушуп Республикалык жана Эл аралык деңгээлде 40 илимий макалаларды жаратып, 5 патенттик, 1 автордук күбөлүк, ондон ашуун окуу-усулдук комплекстери, 15тей окуу –усулдук китепчелерин чыгарган. Мындан тышкары 2 окуу куралы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан толук канааттандырылган.

2011-жылы техника илимдеринин доктору, профессор Иманкулова Айым Сатаровнанын жетекчилиги астында 05.17.06 «Полимерди жана композиттерди кайра иштетүү технологиясы» техника илимий адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Жогорку кесиптик билим берүүнүн жеңил өнөр жайындагы буюмдардын технологиясы жана конструкциялоо боюнча бакалавриат жана магистратурасына Мамлекеттик Билим берүүдөгү жаңы стандарттарын иштеп чыгууга катышкан. Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү жана жаш студенттерди тарбиялоодогу талбаган мээнеткечтиги үчүн И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Ардак Грамотасы, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы жана «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган. «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын «Технология факультетинин 2007-жылдагы мыкты улук окутуучусу», «Технология факультетинин мыкты доценти» (2013-ж.) номинанты болгон. «Кредиттик технология боюнча сабактардын окуу – усулдук комплекстери» кароо-сынагында (И.Раззаков атындагы КМТУ) «Жеңил өнөр жайындагы материалтаануу» сабагы боюнча мыкты окуу усулдук комплексин иштеп чыккандыгы үчүн II даражадагы диплом, «Еднет» ассоциациясы жогорку окуу мекемелери арасында жүргүзгөн Республикалык сынакта Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын дагы билим берүүдөгү компетенттүү иш алып баруу багытында «Эң мыкты инновациялык усулдук-окуу программасы үчүн» жогорку баага татыган.

2013-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Политехникалык колледжине директор болуп дайындалган. Анын ишмердиги астында педагогикалык мыкты курам түзүлүп, ынтымактуу жамаатка айлануу менен жыл айланбай колледж асыл максаттарга жетише баштады. Жетекчи адамда жетекчилик жөндөм, шык болбосо, жамаат чилдей тарап жок болот же ынтымагы кетип алдан таят.

Колледждин директору Нурайым Турусбекова – жетекчилик кесиптин жоопкерчилигин толук түшүнүү менен бирге колледждин татаал маселелерине оптимисттик маанайда карап жигердүү эмгектенип келет. Анын ар бир ишке аяр карап, жоопкерчиликти сезе билгендиги үчүн «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы» кафедрасынын «Мурас» чыгармачыл тобу менен тыгыз иш алып баргандыгынан улам айкын көрүнөт. Нурайым Турусбекованын педагогдук жана жетекчилик дарамети аркасында өлкөнүн ар кыл тармагында иштей турган болочоктогу адистерге татыктуу билим берилип, бир топ жаштар тарбияланышууда.


Приёмная: +996 (312) 541930

Кабинет: 2/07

e-mail: turusbekova1101@gmail.com

Гр.работы: Дш-Жм 8:00-17:00