Өнөр жай өнөктөштөрү
И.Раззаков атн. КМТУ
Институттар
Энергетикалык институт
Электроэнергетика
Дополнительные
Өнөр жай өнөктөштөрү
Дж. Апышев атындагы «Электроэнергетика» минбары жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоо максатында Кыргызстандын энергетикалык өндүрүштөрү менен, алардын ичинде « Кыргызстандын Улуттук электр тармактары» ААК жана «Электросила» мекемелери менен активдүү кызматташат.
Минбар бул компаниялар менен бир катар иш чараларды жүргүзүп келет. « Кыргызстандын Улуттук электр тармактары» ААК жана минбар биргеликте заманбап программалык жабдууну колдонуп , компаниянын бөлүмдөрүнүн кызматкерирлерин лекция окууга тартуу менен «Оперативдик диспетчерик башкаруу» атайын максаттык окутуу уюштурулган. Ушул эле компания менен биргелешип өндүрүштүк практикалардын программалары түзүлгөн. Минбардын студенттери ушул компанияларда практикаларын өтөшөт. Мындан сырткары компания менен биргеликте студенттердин бүтүрүу иштеринин темаларын түзүүдө макулдашышат. Эӊ ийгиликтүү жана маанилүү иш чаралардын бири катары компаниянын активдүү катышуусу менен биргеликте өткөрүлгөн инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча Чемпионат эсептелет. Були иш чарага кызыгуу менен «Түндүк электро» ААК, «ЧаканГЭС» ААК, «Улуттук энергохолдинг компаниясы» , «Электросила» мекемеси жана Энергетиктердин ветерандар совети катышышты.
2017-жылдын май айында болуп Москва шаарында болуп өткөн «CASE IN» аттуу Эл аралык инженердик Чемпионатка тандоо турунан ийгиликтүү өтүшүп, минбардын магистранттары Авазов А., Другалев М. жана Асан уулу Аскат катышып келишкен. Команданы минбардын улук окутуучусу Жолдошова Б.М. жетектеген. Команданы түзүүдө жана уюштуруу иштерди чечүүдө компания активдүү катышкан.
И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын Күнү өттү. Иш-чара жогорку окуу жайдын «Энергетикалык факультетинин» 60 жылдык мааракесине арналган, ага «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Эмил Куданалиев, ишкананын бөлүм жетекчилери, профессордук-окутуучу курам жана минбардын, факультеттин студенттери катышты.
Компаниянын тармактык бөлүмүнүн жетекчиси Исмаилов К.Б. жана башка кызматкерлер маалымат беришип, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу кыска видео фильм, роликтер сунушталды. Мындан тышкары иш чаранын катышуучулары, студенттердин кызыгуусун жарата турган техника алынып келинип көрсөтүлдү. Компаниянын жаш адистери алардын иштеши тууралуу кенен маалымат беришти. Буга чейин бул жабдыктарды китептен сүрөт жүзүндө гана көргөн студенттердин кызыгуусун арттырды.
Студенттер окууну аяктаган соң, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясына кантип жумушка орношууга боло тургандыгын, компанияда иш менен бирге илимий эмгектерди жасоо мүмкүнбү деген суроолорду беришти. Студенттер кызыккан суроолорунун баарына жооп ала алышты.
Өз кезегинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы техникалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери окуу жайга келип жабдыктарда иштөө боюнча лекцияларды окуганга, студенттер үчүн энергетикалык объектерге экскурсияларды уюштурууга, инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча чемпионаттарды уюштурууга даяр экендигин билдиришти.
24.05.2018 Минбардын профессордук –окутуу курамы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК уюштурган «Энергетиканы өнүктүрүү инновациялары» тема астында бирдиктүү презентациялык күнүнө катышты. Мында«Экра», OMICRON Electronics, «Прософт-Системы», «Механотроника», SATEC, «Энергосоюз», «Динамика». Siemens, General Electric, Уралэлектротяжмаш, завод «Изолятор», Таврида Электрик, СВЭЛ, SDEE компаниялары катышып, докладдар окулду.
Минбардын профессордук – окутуу курамы электроэнергетика тармагындагы инновациялык идеялар жана аларды өндүрүштөргө киргизүү боюнча маалыматтарды алышты.
Студенттер арасында инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча республикалык чемпионат
Иш чараны «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен «Электроэнергетика»минбары уюштурду.
Чемпионаттын тандоо туру ушул жылдын 30-ноябрында старт алган, ага республикадагы жогорку окуу жайлардан сегиз команда катышкан – И.Разаков атындагы КМТУ, Нааматов атындагы Нарын университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Кыргыз Россия Славян университети. Аймактардагы командалар он-лайн режим аркылуу түз эфирде тандоо туруна катышышты. Чемпионаттын негизги максаты жогорку окуу жайлардын студенттери менен республикадагы энергетикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн бир аянтчада жолугушуусу. Чыныгы өндүрүштө кезиге турган тапшырмаларды аткаруу, теорияны практика жүзүндө бекитүү. Чемпионаттын тапшырмаларынын кейсин максималдык түрдө чындыкка жакындаштырып, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын адистери иштеп чыгышты. Командалардын иштерин курамында «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКнун өндүрүштүк техникалык бөлүмүнүн башчысы Имаилов К.Б, «Улуттук энергохолдинг компаниясынын» IT жана стратегиялык пландоо башкармасынын жетекчиси Беков К.М. энергетикалык факультеттин башчысы Галбаев Ж.Т. жана «Электроэнергетика» минбарынын улук окутуучусу Жолдошова Б.М. кирген эксперттик комиссия баалады.
Финалга төмөнкү 5 команда «Стример» (И.Раззаков атындагы КМТУ), «Фос» (КРСУ), «Challengers» (И.Раззаков атындагы КМТУ ), «Edison» (И.Раззаков атындагы КМТУ) жана «Шумкар» (К.Тыныстанов атындагы ИКГУ) өтүштү.
«Электросила» ЖЧК
Жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоодо минбардын окутуу процессинде «Электросила» мекемеси активдүү катышат.
Окутуу процессин сапаттуу жүргүзүү максатында минбардын тажрыйбаканасын жакшыртуу үчүн жана ар кандай иш чараларды өткөрүүдө мекеменин мүдүрү, И. Раззаков атындагы КМТУнин ардактуу профессору А. Р. Водянов финансылык жардамды көрсөтүп турат. Бул мекемеде минбардын студенттери практика өтүшөт.
И.Раззаков атн. КМТУ Институттар Энергетикалык институт Электроэнергетика Дополнительные Өнөр жай өнөктөштөрү