Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Кафедранын тарыхы


«Жаштар менен иштөөнү уюштуруу жана орус тилин өнүктүрүү» кафедрасынын  тарыхы  Фрунзедеги политехникалык  институту жана  КМКТАУ менен тыгыз байланышта. 1954-жылы ФПИ де «Орус тил» кафедрасы ачылган. Биздин студенттерден сырткары, башка мамлекеттердин дагы жаштары болгон – кубалыктар, никарагуалыктар, ливиялыктар, афгандыктар жана башкалар.  Убакыттын өтүшү менен университет менен кошо «Орус тил» кафедрасы дагы өзгөрүлдү. Кафедранын түптөлүшүнөн баштап  кафедра башчысы болуп өзүнүн ишин  мыкты  билген  адистер Р.Б. Бекжанова, Ю.И. Чернышева, Т.И. Данилычина, С.И. Аристова, П.З. Бостоновалар  иштешкен. 1994-жылы  «Орус тил» кафедрасына   «Кыргыз тил» кафедрасы кошулган.  Кафедранын башчысы А.М. Махмануров  болгон. 1997-жылы «Орус тил» кафедрасы «Кыргыз тил» кафедрасынан  бөлүнүп  чыгып, өзүнчө  «Орус  тил»  кафедрасы  ачылган. 1999 -жылдан  тарта   кафедра башчысы болуп  ф.и.к, доцент  К.С. Караханиди  эмгектенген. 2018-ж., баштап кафедраны Хасанов Н.Б. жетектеген. 2020-жылдан (январь) баштап Бектурова Кенже Абдырасуловна кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2007-ж. "Орус тили" кафедрасынын базасында "Жаштар менен иштөөнү уюштуруу" адистиги ачылган. 2014-ж. 26-февралындагы КМКТАУнун Окумушутуулар кеңешинин чечими менен "Орус тили" кафедрасы "Жаштар менен иштөөнү уюштуруу жана орус тилин өнүктүрүү" кафедрасы деп кайрадан түзүлгөн. Учурда кафедрада 1 доктор, 3 доцент, 3 улук  окутуучу  жана 1 улук адиси иштеп  келишет.
Кафедрага Кыргызстандагы орус элчилиги жана Кыргыз-Орус славян университети жардам берүүдө.  Бул Кыргызстан үчүн өтө маанилүү шарт. Акыркы жылдары кафедра чоң ийгиликтерге жетишти. Орус тил боюнча окуу курсу студентттердин оозеки сүйлөө жана жазуу ыкмаларын өнүктүрүүгө  багытталган.