Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Методикалык иштер


Окуу куралдарын иштеп чыгуунуу пландаштыруу, аны ишке ашыруу:

Кафедранын жамааты окуу-методикалык колдонмолорду жана иштеп чыгууларды басып чыгарууга даярдоону жыл сайын пландаштырууда. Техникалык университеттерде окуу үчүн атайын окуу куралдарын, окуу китептерин даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Окуу куралдарын жана иштеп чыгууларды басып чыгаруунун пландары дайыма 100 процентке аткарылып жатат. Мындан тышкары жыл сайын «ЖмИУ жана ОТӨ» кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты макалаларды жана монографияларды жазышат. 2021-2022-окуу жылында «Адам жана жаратылыш кыргыздардын оозеки сөзүндө» монографиясы Бектурова К.А. "Жылдын мыкты китеби" сынагында ардактуу биринчи орунду алган.