Мендекеев Райымкул Абдымаманович
Профессор
Техника илимдеринин доктору, «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо» каф. профессору, КР ИАнын мүчө-корреспонденти, КР Эл агартуусунун мыктысы.
Фрунзе политехникалык институтун 1982-ж. бүтүргөн, адистиги – «Курулуш, жол машиналары жана жабдуулары».
Сыйлыктары – КРнын Ардак Грамотасы, КРнын Эл агартуу мыктысы, Кырг.-Өзбек унив. Эмгек сиңирген ишмери, республикалык конкурстардын дипломдору жана ЖОЖдордун грамоталары.
Илимий эмгектери 160 жакын, а.и. 2 монография, 4 брошюра, 100дөн ашык илимий макалалар, 12 ойлоп табуу патенттери жана 8 усулдук окуу куралдары.
Илим изилдөө иштеринин тармагы – тоо-кен өнөр жайы, тоо-кен жана курулуш машиналары, тоо тектерин жана табигый таштарды казып алуунун, аларды иштетүүнүн теориясы жана конструкциясы, техника жана технологиясы, курулуш, жол машиналары ж.б.
1995-2011-ж. аралыгында Билим берүү жана илим министрлигинин ИИИ алкагында, табигый таштарды казып алуу жана иштетүү үчүн машиналарды жана технологияларды иштеп чыгуу жана жасап чыгууга арналган бир канча мамлекеттик илимий-техникалык долбоорлорго катышып, жетектөөчү, башкы илимий кызматкер жана илимий жетекчи кызматтарында иштеген.
1990-ж. кандидаттык диссертациясын, КР ИАнын Аспирантурасын бүтүрүп, коргогон.
2008-ж. докторлук диссертациясын изденүүчү катары коргогон.
2011-ж. «Машине таануу» адистиги боюнча «профессор» окумуштуулук наамын алган.
Анын чогуу жетекчилиги менен 3 илимдин кандидаттары даярдалган, азыр 1 аспиранттын жана 1 изденүүчүнүн илимий жетекчиси.