Академиялык мобилдүүлүк Erasmus+ программасына катышуу үчүн кабыл алуу ачылды.
📢 Студенттер үчүн жарыя
Урматтуу студенттер!
Erasmus+ академиялык мобилдүүлүк программасына катышуу үчүн кабыл алуу ачылды.
Төмөнкү багыттар боюнча:
• Геодезия
• Картография
• Геоинформатика
🎓 Программанын шарттары:
Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында университетибиздин студенттери үчүн 5 айлык стипендия каралган.
Милдеттүү талап: англис же немис тилин билүү.
📅 Документтерди тапшыруу мөөнөтү:
Кандидатураңызды 2026-жылдын 30-мартына чейин кафедрага билдирүү зарыл.
📌 Окуу мезгили:
2026–2027-окуу жылынын күзгү семестри.
🗣 Кошумча маалымат:
Талапкерлер менен маектешүү Erasmus+ программасынын өкүлүнүн апрель айынын башында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине болгон иш сапары учурунда өткөрүлөт.
📩 Толук маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар:
«Геодезия жана геоинформатика» кафедрасынын башчысы Исмаилов Н. Ы. (ауд. 10/103)
же кафедранын улук окутуучусу Тыныбекова А. Т. (ауд. 10/119)

