Кафедру «Геодезия и геоинформатика» КГТУ посетил профессор Lóránt Földváry в рамках программы ERASMUS+

2025-жылдын 14–19-январь күндөрү кафедра Будапештский технологический и экономический университет (Венгрия) университетинин профессору Лорант Фёльдварини кабыл алды. Иш-чараларга кафедранын окутуучулары, докторанттары, магистранттары жана 4-курс студенттери катышты.

      Сапардын негизги максаты – илимий жана билим берүү тажрыйбасы менен алмашуу, геодезия, геоинформатика жана космостук гравиметрия тармагындагы заманбап багыттарды талкуулоо, ошондой эле кафедранын эл аралык кызматташтыгын кеңейтүү болду.

      Сапардын жүрүшүндө профессор кафедранын лабораториялары, окуу-методикалык базасы жана КГТУнун экинчи кампусунун инфраструктурасы менен таанышты. Илимий программа алкагында GRACE / GRACE-FO спутниктик миссияларынын маалыматтарын колдонуу, гидрологиялык процесстерди жана жер бетинин массасынын өзгөрүүсүн изилдөө боюнча лекциялар жана презентациялар өткөрүлдү. Ошондой эле European Space Agency миссияларына сереп жасалды.

      Мындан тышкары, докторанттар менен магистранттардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, биргелешкен илимий долбоорлордун келечеги жана заманбап ГИС-технологияларды окуу процессине киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

      КГТУ тарабынан сапардын координатору болуп «Геодезия жана геоинформатика» кафедрасынын башчысы Исмаилов Нурсултан Ырысбекович иш алып барды. Кафедра бул сапар эл аралык өнөктөштүктү чыңдоодо жана окутуучулар менен билим алуучулардын илимий потенциалын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот деп ишенет.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар