Эл аралык кызматташтык

Эл аралык кызматташтык

«АЧД» (Архитектуралык чөйрөнүн дизайны) кафедрасы эл аралык өнөктөштүк келишимдеринин, долбоорлордун, конференцияларга, тегерек столдорго, семинарларга жана вебинарларга катышуунун, ошондой эле илимий коомдорго мүчөлүктүн алкагында төмөнкү уюмдар менен илимий кызматташтыкты ишке ашырат:

  • Казак башкы архитектура-курулуш академиясы (КАЗГАСА);
  • Москва архитектуралык институту (МАРХИ);
  • Борбордук Азияны изилдөө боюнча Француз институту (IFEAC);
  • Академик М.С. Осими атындагы Тажик техникалык университети (1.09.2019-ж. өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандум);
  • Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын алдыңкы архитектуралык билим берүү борборлору (САКР, МАСА, МААМ багыттары боюнча);
  • Б.Н. Ельцин атындагы КРСУ, Архитектура, дизайн жана курулуш факультети – илимий-изилдөө иштери боюнча биргелешкен кызматташтык («Архитектура» кафедрасы – Р.М. Муксинов, «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» – А.М. Насирдинова, «Архитектуралык долбоорлоонун негиздери» – Ю.Н. Смирнов);
  • КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (КР Мамкурулушу) (19.02.2020-ж. өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандум);
  • «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы (ББА), (1.09.2019-ж. өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандум);
  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти (22.02.2019-ж. өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандум).

СТУДЕНТТЕРДИН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮГҮ

Студенттердин академиялык мобилдүүлүгү И. Раззаков атындагы КГТУнун билим алуучуларынын, педагогикалык, илимий жана башка кызматкерлеринин академиялык мобилдүүлүгүн уюштуруу жөнүндө жобонун негизинде ишке ашырылат.

  • 750200 «АЧД» программасы боюнча: 2024-жылдын 25-ноябрынан 9-декабрына чейин Санкт-Петербург политехникалык университетинде «Инженердик илимдер боюнча кышкы мектеп» эл аралык билим берүү долбооруна АЧД 3-21 тобунун студенти Бактиярова Майрам Бактияровна катышты (Буйрук №126, 21.11.2024).
  • Россия-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун алкагында: КР жана РФнын жождору ортосундагы кызматташтык келишиминин негизинде, 03.02.2025-жылдан 25.07.2025-жылга чейин Мырзаева Н.Д. (АЧД 3-23) жана Мусина А.С. (АЧД 3-22) Тюмень индустриалдык университетине жиберилген.
  • Ушул эле келишимдин негизинде Ош технологиялык университетине Таалайбекова У.Т. жөнөтүлгөн.
  • 2022-жылы Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетине Тынарбекова Бегайым жана Рахманалиева Сафия (АЧД-2-19 тобу) билим алууга жиберилген.

Иш-чаралар:

  • Биринчи эл аралык кышкы мектеп: 10-15-январь күндөрү И. Раззаков атындагы КГТУнун Архитектура жана дизайн институтунда (АДИ) РФ Президенттик Академиясынын В.Л. Глазычев атындагы Аймактык өнүктүрүү кафедрасы менен биргеликте өткөрүлдү. Ага Москвадан (РАНХиГС) жана Бишкектен (КГТУ, МПИ) 60тан ашык адам катышты. КГТУ тараптан АЧД программасынын бакалавриат студенттери: Кылычбек уулу Алмазбек, Казы уулу Азамат жана Тулекеев Бексултан жигердүү катышты.
  • Эл аралык дисциплиналар аралык жайкы мектеп: 2024-жылдын 20-июнунан 30-июнуна чейин Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарын мейкиндик-пландаштыруу өнүктүрүүнүн концепциясы» аттуу жайкы мектеп өттү. АДИ КГТУ жана НИУ МГСУ (Москва) тарабынан уюштурулган бул иш-чарага АЧД багытынын студенттери: Асанова Арууке, Молдоясова Айтурган, Алиханова Мээрим жана Алияскарова Акылай катышты.
  • Ички мобилдүүлүк: 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде Ош мамлекеттик университетинин студенттери Калматова Асель (ДИ-1-21) жана Болбурова Анара (ДИ-1-22) КГТУнун «АЧД» кафедрасында билим алышты.
Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар